Украина Орусиянын соңку чабуулунан адамдар жараат алганын билдирди

Украина. Архивдик сүрөт.

Украинада Орусиянын чабуулунан фронтко жакын аймактарда адамдар жараат алганын бүгүн 26-апрелде жергиликтүү бийлик өкүлдөрү кабарлашты. Харьков облустук аскердик администрациясынын башчысы Олег Синегубовдун айтымында, Балаклея шаарында Орусиянын ракеталык чабуулунан темир жол вокзалынын имаратында терезе, чатыр талкаланды, жараат алгандардын саны 11ге жетти.

Донецк облусунун аскердик администрация башчысы Вадим Филашкин Донбасста 25-апрелдеги чабуулдан беш кишинин өмүрү кыйылганын, сегиз киши жараат алганын билдирди.

Днепропетров, Николаев, Запорожье жана Одесса облустары да орус аскерлеринин соккусуна кабылганы маалымдалды.

Бүгүн 26-апрелде «Рамштайн» форматындагы кезектеги жолугушуу онлайн форматта өтөрүн, анда Украинага аскердик жардам жөнөтүүнү тездетүү маселеси караларын украин президенти Владимир Зеленский билдирди. Бул форматка Украинанын 50гө жакын союздашы мүчө.

25-апрелде Киевде Улуу Британиянын каржы министри Жереми Хант менен жолугушууда, Зеленскийдин айтымында, Орусияга каршы санкция саясаты талкууланды. (RK)

Дагы караңыз

Англияга дагы 66 кыргызстандык мигрант баратӨзбек президентинин үй-бүлөсүнө таянган фирма миллиондорду кантип тапкан?Мадумаров камактан чыкты, мандаты алынды Кыргызстан Азербайжанга белек катары мектеп кура баштады