Юстиция министрлиги соттук отурумдарды онлайн көрсөтүүнү сунуштады

Кыргызстандын сотунун кесиптик аспабы. Иллюстрациялык сүрөт.

Кыргызстандын Юстиция министрлиги Кылмыш-жаза жана Кылмыш-жаза процессуалдык кодекстерине өзгөртүүлөрдү киргизип, соттук отурумдарды онлайн көрсөтүүнү сунуштады. Тиешелүү мыйзам долбоору Ченемдик-укуктук актылардын долбоорлорун коомдук талкуулоонун бирдиктүү порталына жарыяланды.

Долбоордун негиздемесинде соттордо маалыматтык-коммуникациялык технологияларды колдонуу заман талабы экени жана Кыргызстандын улуттук стратегиясында каралганы айтылат.

Мыйзам долбоордо жазылгандай, сот процессинин катышуучуларынын өтүнүчү менен, же өзүнүн демилгеси менен отурумду теле, радио жана интернет аркылуу эфирде түз алып көрсөтүүгө (онлайн түз алып берүүгө) уруксат бере алат. Документтин авторлору сот залынан берилчү түз эфирлер жыйналыштарда болуп жаткан окуяларды реалдуу убакытта кенен аудиторияга жеткирүүгө шарт түзөт.

“Мындай берүү сот процессинин ачыктыгын жана айкындуугунун жогорулатууга, ошондой эле кызыкдар тараптардын жана коомчулуктун маалымдуулугун камсыз кылууга жардам берет”, – деп айтылат негиздемеде.

Мыйзам долбоорунда ошондой эле соттук териштирүүлөрдү жүргүзүүдө аудио жана видео жазып алууну колдонуу ченемин күчөтүү жана аны милдеттүү кылуу сунушталат. Ушул тапта көпчүлүк учурларда соттор тарабынан видео жазуу жүргүзүү колдонулбайт.

Жогорку соттун төрагасы Замирбек Базарбеков 26-февралда Бишкекте Жогорку соттун пленуму боюнча журналисттердин суроолоруна жооп берип жатып, Кыргызстанда соттор толук көз карандысыз боло электигин айткан. Замирбек Базарбеков сот реформасын аягына чыгаруу үчүн соттордун айлыгын көбөйтүү, сотторду которуштуруу иштери жүрүп жатканын, бул ишти аягына чыгаруу бир гана сот системасына көз каранды эместигин кошумчалаган.

Президент Садыр Жапаров 5-март – сот тутумунун кызматкерлеринин күнү менен куттуктоосунда Кыргызстанда өткөн жылдарга салыштырмалуу соттор актоо чечимдерин көп чыгара баштаганын билдирип, аны судьялар Конституцияда көрсөтүлгөн көз карандысыздык укуктарын пайдаланып, ар кандай тоскоолдуктарга каршы туруп жатканы менен байланыштырган. (ErN)

Дагы караңыз

Төрт айлык ымыркайдын өлүмүнө байланыштуу акушер-гинеколог кармалдыТилек Матраимов үй камагына чыктыБШК Адахан Мадумаровду мандатынан ажыраттыОрусияда бизнестеги атаандашынын өлүмүнө айыпталган ишкер 17 жылга сыртынан соттолду600дөй тажик жараны орус-казак чек арасынан өтө албай жатканы кабарланды“Фрунзе” дүкөндөрүнүн мурдагы ээси Жээнбеков менен экс-премьер Бабанов бири-бирин айыптады