Ош: БШК шайлоодон четтеткен Маматкулов сотко кайрылды

БШК.

Борбордук шайлоо комиссиясы (БШК) бир мандаттуу Ош округундагы шайлоодон четтеткен талапкер Максатбек Маматкулов Бишкектеги Биринчи май райондук сотуна кайрылды. Бул тууралуу ал өзү "Азаттыкка" билдирип, БШКнын чечимине макул эместигин айтты.

"Чыгарган чечимдери мыйзамсыз. Анткени ал үгүт жүргүзгөндөргө тиешем жок. Алар өздөрү да азыр түшүндүрмө берет. Алар 19 үгүтчү деп жатат, андай үгүтчүлөр дагы жок. Азыр Биринчи май райондук сотуна арыз жаздык соттун чечимин күтөбүз".

БШК 26-апрелде Максатбек Маматкуловдон сырткары Бекмурза Эргешовдун дагы талапкер деген каттоосун жокко чыгарып, жарыштан четтеткен. Анда мекеме Маматкулов үгүт өнөктүгүн каржылоого байланыштуу мыйзам талаптарын бузганы аныкталганын билдирген.

Мунун алдында блогер Ыдырыс Исаков Эргешовдун штабында мамлекеттик кызматкерлер жүргөнү тууралуу видео жарыялаган. Көп өтпөй бул окуяга байланыштуу шаар мэриясы айрым кызматкерлер иштен алынганын, кээ бирлерин жумуштан бошотуу сунушу, айрымдарына эскертүү берилгенин кабарлаган.

28-апрелде №2 Баткен, №7 Ош жана №9 Кара-Суу бир мандаттуу шайлоо округдарында Жогорку Кеңештин депутатын мөөнөтүнөн мурда шайлоо өтөт.

Жалпысынан үч округда 30 талапкер катталган, алардын бирөө гана (Ош шаарында) аял. (DSh)

Дагы караңыз

Украинадагы согушта мерт болгон 51,6 миң орусиялыктын тек-жайы такталдыБыйылкы битир-садагадан 57,5 миллиондой сом чогулдуАКШ Украинага 6 миллиард долларлык аскердик жардам жөнөтөтНиязбеков шайлоодо мыйзам бузууга жол бергендер жазаланарын эскертти Өкмөттө “чет элдик өкүл” мыйзамын аткаруу маселелери талкууландыЖК: төрт же анда көп балалуу үй-бүлөлөрдү көп балалуу деп таануу сунушталды