Украина: ракеталык чабуулда төрт жылуулук электр станциясы жабыркады

Иллюстрациялык сүрөт.

Украинада 27-апрелге караган түнү орус аскерлеринин ракеталык чабуулунан бир оорукана жана төрт жылуулук станциясы (ЖЭС) жабыркады. Маалыматтарга караганда, жараат алгандар дагы бар.

Чабуулга кабылган ЖЭСтерге ээлик кылган ДТЭК менчик компаниясы ишкананын жабдуулары олуттуу зыянга учураганын, энергетиктер чабуулдун кесепетин жоюуга аракет кылып жатканын билдирди.

Ракеталар Харьковдогу оорукананын аймагына түштү. Анда бир бейтап айнектин сыныгынан жараат алды. Шаардын мэри Игорь Тереков ракета оорукананын имаратына эмес, жерге түшкөнүн билдирди. Анын ырасташынча, ошол маалда бейтапканада 900дөн ашык адам дарыланып жаткан жана оорукананын кызматкерлеринин саны 250гоө чукул болгон.

Украина армиясынын маалыматына караганда, 27-апрелге караган түнү Орусия 34 ракета учурду жанан 21и атып түшүрүлдү. Расмий Моска адатта чабуулардар тууралуу комментарий бербейт жана жарандык объекттер бутага алынганы тууралуу дооматты четке кагат.

Дагы караңыз

Ош: БШК шайлоодон четтеткен Маматкулов сотко кайрылдыОрусия Краснодар крайынын үстүнөн 68 дрон атып түшүрүлгөнүн билдирди Украинадагы согушта мерт болгон 51,6 миң орусиялыктын тек-жайы такталдыБыйылкы битир-садагадан 57,5 миллиондой сом чогулдуАКШ Украинага 6 миллиард долларлык аскердик жардам жөнөтөтНиязбеков шайлоодо мыйзам бузууга жол бергендер жазаланарын эскертти Өкмөттө “чет элдик өкүл” мыйзамын аткаруу маселелери талкууландыЖК: төрт же анда көп балалуу үй-бүлөлөрдү көп балалуу деп таануу сунушталды