УКМК "Йакын Инкардын" мүчөлөрүнүн үйлөрүндө тинтүү болгонун билдирди

УКМК тараткан сүрөт.

Ош облусунда Кыргызстанда тыюу салынган “Йакын-Инкар” диний экстремисттик кыймылынын активдүү мүчөсү делген жарандардын үйлөрүндө түнтүү жүргүзүлдү. Бул тууралуу Улуттук коопсуздук боюнча мамлекеттик комитети (УКМК) 13-майда кабарлады. Маалыматка караганда, тинтүү жети турак жайда жүргүзүлгөн. Анын алкагында 126 материал табылып, анын ичинен 95 китеп, 12 дептер, 18 журнал , 1 күндөлүк, 1 уюлдук телефон алынган. Алардын айрымдары “Йакын-Инкар” диний-экстремисттик агымына таандык экени айтылды.

Алынган буюм-тайымдар экспертизага жөнөтүлгөн. Анын жыйынтыгы боюнча аталган кыймылдын активдүү мүчөлөрүнө карата Кылмыш-жаза мыйзамдарына ылайык укуктук чаралар көрүлөрү белгиленген.

Атайын кызматтын маалыматына караганда, жүргүзүлгөн профилактикалык иш-чаралардын жүрүшүндө кыймылдын мүчөлөрүнүн бири аталган уюмга мүчөлүктөн өз ыктыяры менен баш тартып, салттуу исламды карманууга убада берген.

“Йакын инкар” диний агымы – “Таблиги жамаат” уюмунун ичинен бөлүнүп чыккан өзүнчө топ. Анын мүчөлөрү өздөрүн “пайгамбардын жолун жолдоочуларбыз” деп эсептешет. Бул диний агым Кыргызстанда 2017-жылы экстремисттик деп табылган.

Мындан тышкары сот тарабынан 2003-жылдан бери баш-аягы 21 диний бирикменин ишмердигине террорчул жана экстремисттик уюм катары тыюу салынган. Ага “Жабхат ан-Нусра”, “Жайшул-Махди”, “Ансарул-Лах”, “Хизб ут-Тахрир ал-Ислами”, “Жихад тобу” жана “Чыгыш Түркстан Ислам кыймылы” сыяктуу эл аралык террордук жана экстремисттик уюмдар кирген. (КЕ)

Дагы караңыз

Орусия Крымдын беш тургунун “Украинага тыңчылык кылды» деп соттодуМэрия кызматкерлеринин автоунаа айдоосун эки күн чектейт Арменияда нааразылык акциялары уланууда, ондогон кишилер кармалдыМэр Ататүрк паркынын жерин кайтаруу боюнча чара көрүүнү тапшырды