3-июлда түнкүсүн Ысык-Көл облусунун айрым жерлеринде өткүн өтүп, күн күркүрөйт. Күндүз жаан-чачын жаабайт. Батыштан соккон шамалдын ылдамдыгы секундасына 4-9 метрден, күндүз айрым жерлерде 15-20 метрге жетет.
Абанын температурасы:
Чүй өрөөнүндө түнкүсүн 13…18, күндүз 27…32;
Талас өрөөнүндө түнкүсүн 8…13, күндүз 25…30;
Баткен,Ош, Жалал-Абад облустарында түнкүсүн 16…21, күндүз 30…35;
Ысык-Көл облусунда түнкүсүн 7…12, күндүз 21…26;
Нарын облусунда түнкүсүн 6…11, күндүз 20…25;
Бишкекте жаан-чачын жаабайт. Батыштан соккон шамалдын ылдамдыгы секундасына 4-9 метр. Абанын температурасы 14…16°, күндүз 28…30° жылуу болот.
Чолпон-Ата шаарында түнкүсүн өткүн өтүп, күн күркүрөйт, күндүз жаан-чачын жаабайт. Батыштан соккон шамалдын ылдамдыгы секундасына 4-9 метр. Абанын температурасы 10…12°, күндүз 22…24° жылуу болот.
Ысык-Көлдүн түндүк жээгинде суунун температурасы 1-июлда күндүз 21,1°, 2-июлда эртең менен 18,8° түздү.