Кыргызгидромет борбору кабарлагандай, 11-17 июль күндөрү туруксуз аба ырайына жана нөшөрлүү жаан-чачынга байланыштуу өлкөнүн тоолуу райондорунда сел жүрүшү мүмкүн.
12-июлда Чүй, Талас, Ысык-Көл, Нарын облустарынын айрым жерлеринде, Ош, Жалал-Абад, Баткен облустарынын тоо этектеринде жана тоолуу райондорунда өткүн өтүп, күн күркүрөйт. Ош, Жалал-Абад, Баткен облустарынын өрөөндөрүндө жаан жаабайт.
Батыштан соккон шамалдын ылдамдыгы секундасына 4-9 метрге жетет.
Абанын температурасы:
Чүй өрөөнүндө түнкүсүн 15…20, күндүз 30…35;
Талас өрөөнүндө түнкүсүн 13…18, күндүз 27…32;
Ош, Жалал-Абад жана Баткен аймактарында түнкүсүн 17…22, күндүз 31…36;
Ысык-Көл дубанында түнкүсүн 11…16, күндүз 23…28;
Нарын облусунда түнкүсүн 9…14, күндүз 22…27;
Бийик тоолуу райондордо түнкүсүн -2…+3, күндүз 10…15 градус болот.
Бишкекте жаан жаабайт. Абанын температурасы түнкүсүн 18…20°, күндүз 33…35° болот.
Дагы караңыз
VOA: Колумбиянын жээгинде борборазиялык мигранттар түшкөн кайык чөгүп кетти"Вагнердин" катарында согушка катышкан өзбек жараны жазага тартылдыУКМК Бишкекте балдардын эки диний лагери жабылганын билдирдиЕвропа чемпионаты: Испания менен Англия финалда ойнойтЭмгек, социалдык камсыз кылуу жана миграция министрлигинде мыйзам бузуу аныкталдыЛаззат Нургожоеванын жигитинин агасы да кармалганы кабарланды