Мексиканын президенти Андрес Мануэль Лопес Обрадор Украинанын орус президенти Владимир Путинди камакка алуу өтүнүчүн четке какты. Рейтер агенттиги маалымдагандай, Обрадор бул «алардын иши эместигин» айтты.
Украинанын Мексикадагы элчилиги 8-августта жарыялаган катта ал өлкөнүн бийлигине кайрылып, Путин 1-октябрда жаңы мамлекет башчы – Клаудия Шейнбаумдун инаугурациясына катышуу үчүн барса аны камакка алууну суранган.
Элчилик Эл аралык кылмыш соту Орусиянын президентин камакка алуу ордерин чыгарганын белгиледи. «Мексиканын өкмөтү Путин – согуш кылмышкери экенин билет деп үмүттөнөбүз», - деп айтылат кайрылууда.
Июнда орус президенти Шейнбаумду шайлоодогу жеңиши менен куттуктап, Мексиканы «Орусиянын Латын Америкадагы тарыхый өнөктөшү» деп атаган.
2023-жылы Гаагадагы Эл аралык кылмыш соту Владимир Путин менен Орусиянын балдар омбудсмени Львова-Белованы камоо жөнүндө ордер чыгарган. Аларга Украинанын тынч жашаган элин, асыресе балдарды оккупацияланган аймактардан Орусияга мажбурлап алып кетүү менен "согуш кылмышын жасаган" деген айып коюлган.
Мексика Гаагадагы соттун юрисдикциясын тааныйт.
Ордер чыккандан кийин Путин эки эл аралык саммитке катышуудан баш тарткан жана Түркиянын президенти Режеп Таип Эрдоган менен Сочиде жолугушкан.
Дагы караңыз
Олимпиада финалы: Мунарбек Сейитбек уулу жараткан тарых"Айып төлөсүн". Пикир жазгандарды ооздуктаган жаңы мыйзамЖапония-Борбор Азия: Москваны кызгандырган кызматташтык