Пара алууга шектелген судья Кенжебаев миллион сом айыпка жыгылганы маалым болду

Иллюстрациялык сүрөт.

Бишкектин Ленин райондук сотунун судьясы Нурлан Кенжебаев күнөөлүү деп табылып, 1 миллион сом айыпка жыгылганы маалым болду.

Бишкектин Биринчи Май райондук сотунун мындай чечими быйыл 26-апрелде чыкканын аталган соттун басма сөз кызматы 23-октябрда билдирди.

Чечимге ылайык, Кенжебаев Кылмыш-жаза кодексинин 342-беренесинин (“Пара алуу”) 3-бөлүгүнүн 2-пункту боюнча күнөөлүү деп табылган, 2 миллион сом айыпка жыгылган.

Бирок 80-беренесинин 7-бөлүгүнө ылайык, айыптын өлчөмү 1 миллион сомго түшүрүлгөн.

Бул беренеге ылайык, соттук териштирүүгө чейин камакта кармалган адамга негизги жаза катары айып же белгилүү бир кызмат ордун ээлөө же белгилүү бир иш менен алектенүү укугунан ажыратуу, коомдук иштер же түзөтүү жумуштары дайындалса, анда сот камакта кармоонун мөөнөтүн эске алып, ага дайындалган жазаны жеңилдетет же аны өтөөдөн толугу менен бошотот.

17-сентябрда Кенжебаевдин иши Бишкек шаардык сотунда каралып, биринчи соттук инстанциянын чечими күчүндө калтырылганын “Азаттыкка” шаардык соттун басма сөз кызматы ырастады.

21-октябрда Соттор кеңеши президент Садыр Жапаровго Нурлан Кенжебаевдин ыйгарым укуктарын мөөнөтүнөн мурда токтотууну сунуштаган. Бул Кенжебаевге карата чыгарылган соттук өкүмдүн күчүнө киргенине байланыштуу болгон.

2023-жылы октябрда Нурлан Кенжебаев ортомчулар аркылуу 2 миң доллар талап кылган деген негизде кармалган.

УКМКнын маалыматына караганда, 17-октябрда судья өзү караган иш боюнча "оң чечим чыгарып берем" деп 2 миң доллар алганы үчүн кармалганын билдирген. Судья менен кошо анын кеңешчиси жана досу кармалган.

Президент аны кызматтан убактылуу четтеткен. Айыпталып жаткан тараптардан комментарий боло элек. (TAb)

Дагы караңыз

Бишкектеги Батыш автобекети жабылды Израил Насралланын ордуна дайындала турган киши да жок кылынганын ырастадыУкраинанын башкы прокурору кызматтан кеттиТаласта жол кырсыгы 31 жаштагы келин менен анын эки баласынын өмүрүн алды