Аба ырайы: Айрым аймактарда кар жаайт

Кыргызстан.

Кыргызгидромет борбору кабарлагандай, 11-февралда күндүз Ош, Жалал-Абад, Баткен облустарынын айрым жерлеринде кар жаайт. Калган аймактарда жаан-чачын болбойт. Жолдор тоңголок жана тайгак болот. Батыштан соккон шамалдын ылдамдыгы секундасына 4-9 метрге жетет.

Абанын температурасы:

Чүй өрөөнүндө түнкүсүн -3…-8, күндүз 1…6;

Талас жергесинде түнкүсүн -2…-7, күндүз 0…5;

Ош, Баткен, Жалал-Абад аймактарында түнкүсүн -3…+2, күндүз 2…7;

Ысык-Көл дубанында түнкүсүн -5…-10, күндүз 1…6;

Нарын облусунда түнкүсүн -13…-18, күндүз 0…-5;

Бийик тоолуу райондордо түнкүсүн -19…-24, күндүз -5…-10 болот.

Бишкек шаарында кар жаабайт. Батыштан соккон шамалдын ылдамдыгы секундасына 4-9 метрге жетет. Абанын температурасы түнкүсүн -4…-6°, күндүз 4…6° болот.

Дагы караңыз

Министр Кулубаев АКШнын элчиси менен миграция маселесин талкууладыУКМК ырчы Кайрат Примбердиевге кылмыш иши козголгонун билдирдиGergert Sport дүкөнүнүн негиздөөчүсү Виталий Гергерт эркиндикке чыктыЖалган жалаа үчүн айыпка жыгылган адамдан өндүрүлгөн айып пул бюджетке түшөт Мүнхенде ашынган оңчулдарга каршы 250 миңдей адам катышкан акция өттүИзраил аскерлери Газадагы маанилүү коридордон чыгып кеттиИИМ Кыргызстанда 25 миңдей видео камера орнотулганын билдирди