Аба ырайы: көпчүлүк аймактарда кар жаап, туман түшөт

12-февралда түнкүсүн Талас, Ош, Жалал-Абад, Баткен облустарынын көпчүлүк аймактарында, Чүй, Нарын облустарынын айрым жерлеринде кар жаайт. Күндүз көпчүлүк аймактарда кар жаайт. Айрым жерлерде туман түшөт. Жолдор тоңголок жана тайгак болот. Батыштан соккон шамалдын ылдамдыгы секундасына 4-9 метрден, Ысык-Көлдүн батыш тарабында 15-20 метрге жетет.

Абанын температурасы:

Чүй өрөөнүндө түнкүсүн -2…-7, күндүз -1…+4

Талас өрөөнүндө түнкүсүн -2…-7, күндүз -2…+3

Баткен, Ош, Жалал-Абад облустарында түнкүсүн -2…+3, күндүз 2…7

Ысык-Көл облусунда түнкүсүн -3…-8, күндүз 0…5

Нарын облусунда түнкүсүн -11…-16, күндүз -2…+3

Бишкек шаарында түнкүсүн жаан-чачын жок, күндүз кар жаайт. Жолдор тоңголок жана тайгак болот. Батыштан соккон шамалдын ылдамдыгы секундасына 4-9 метрге жетет. Абанын температурасы түнкүсүн -3…-5° суук, күндүз 1…3° болот.

Дагы караңыз

"Жогорудан түшкөн буйрук". Өзбекстанда сакалчандар менен хижабчандарга каршы күрөш күчөдүКазакстанда "улуттар аралык жана диний кастыкты козутуу" беренеси боюнча жазаны күчөтүү сунушталды"1,3 млн рублди банктан ала албай жатат". Орусияда картасы бөгөттөлгөн мигранттар көбөйдү ТИМ Орусияда 67 миңдей кыргызстандык көзөмөл реестринде экенин маалымдады Милиция MCN coin'дин чет жакта эсеби бар-жогу иликтенип жатканын билдирдиЖКнын тармактык комитети ЖМК боюнча мыйзам долбоорун биринчи окууда колдодуӨкмөт сот арачылар институтун ишке киргизүүнү дагы 10 жылга жылдырууну сунуштады