Кыргызстанда мектептерде жазгы каникул 17-мартта башталат

Бишкектеги мектептердин бириндеги класс. Иллюстрациялык сүрөт.

Билим берүү жана илим министрлиги быйылкы жылы Кыргызстанда мектеп окуучуларынын 3-чейреги 14-мартта аяктап, 17-марттан тарта жазгы каникул башталарын жарыялады. 4-чейрек 24-марттан тарта башталат.

Министрликтин маалыматына ылайык, жазгы каникул 2024-2025-окуу жылынын планына жараша аныкталган.

Салт болуп калгандай, Кыргызстандын мектептериндеги 3-окуу чейреги Нооруз майрамын (21-март) утурлай аяктап, 4-чейрек адатта 1-апрелден тарта башталчу.

Кыргызстанда 2397 мектеп бар. Анда 80 миңден ашык мугалим иштейт, 1 млн 480 миңден ашуун бала окуйт. (ZKo)

Дагы караңыз

Абхаз, армян номурлуу машинеси барлар акцияга чыктыКыргыз-тажик чек арасы: Айжигитовдун билдирүүсү, "Ыйман Нурунун" чечими"Жолбун итти аткандан көрө актап кой"Трамп Зеленскийден кат алды. Киев менен Москва согушту токтотууга даярбы?