АР: Газада израилдик аскерлердин соккусунан кеминде 52 киши каза тапты

Газа шаары Израилдин соккусунан кийин. 26-май, 2025-жыл.

Дүйшөмбү күнү Израил армиясынын соккусунан Газада кеминде 52 киши каза тапты. АР агенттиги тилкенин Саламаттыкты сактоо мекемесине шилтеме кылып кабарлагандай, өлгөндөрдүн 36сы качкындар баш калкалаган мурдагы мектепте уктап жаткан. Газа шаарынын четиндеги Дараж конушуна урулган соккудан дагы ондогон киши жарадар болду. Мекеменин чукул кырдаал кызматынын жетекчиси Фахми Аваддын айтымында, бир киши беш баласы менен кошо мерт кетти. Аш-Шифа жана ал-Ахли ооруканалары курмандыктардын санын бышыкташты.

Израилдик аскерлер ошол имаратта согушкерлердин башкаруу пункту жайгашканын айтып, карапайым кишилер арасындагы жоготуулар үчүн ХАМАС (АКШ жана Еврошаркетте террордук деп таанылган) радикал тобун айыпташты.

Анклавдын түндүгүндөгү Жабалия шаарында бир үй-бүлөнүн 16 мүчөсү, арасында беш аял менен эки бала каза болду. Бул тууралуу сөөктөр жеткирилген аш-Шифа ооруканасынын кызматкерлери билдирди.

Палестиналык жоочулар өз кезегинде Газадан үч дүрмөт атканын Израилдин куралдуу күчтөрү маалымдады.

Ал тапта тилкеге гуманитардык жардам жеткирилип жатат. Эки жарым айга созулган блокададан кийин өткөн аптада Израилдин өкмөтү жүктү өткөрүүгө уруксат берген. Бирок кайрымдуулук уюмдары жардамдын көлөмү жетишсиз болуп жатканын, аймакты ачарчылык тоорушу мүмкүн экенин белгилешет.

Израил согушкерлердин колундагы 58 киши барымтадан бошотулмайынча Газаны толугу менен көзөмөлгө алууну максат кылганын, 2 жарым миллиондон ашуун тургунду көчүрүү планын жашырбайт. “Ыктыярдуу” деп сүрөттөлгөн миграция идеясын палестиналыктар менен эл аралык коомчулуктун басымдуу бөлүгү четке кагууда.

Израилдин аскердик операциясы маалында тилкенин ири бөлүгү талкаланды жана калкынын 90% жер которууга мажбур болду. Көбү уруштан качып бир нече жолу көчкөн.

Согуш 2023-жылдын 7-октябрында "хамасчылар" Газа тилкесинен Израилдин түштүгүнө кол салып, 1200дөй адамды өлтүрүп, 250 кишини барымтага алгандан кийин башталган.

Барымтадагылардын көбү сүйлөшүүлөрдүн, туткун айырбаштоо макулдашууларынын негизинде бошотулган.

Израилдин жооп иретинде баштаган аскердик чабуулдарынан 54 миңдей газалык каза болгонун тилкенин Саламаттык сактоо башкармалыгы билдирди.

Дагы караңыз

Киев үчүнчү түн катары менен Орусиянын жапырт чабуулуна кабылдыЫсык-Көл: милиция браконьерлерге каршы чаралар күчөтүлгөнүн билдирдиОрусиянын Украинага жасаган соңку ири чабуулунан улам Трамп Путинди сындады