Жаңылыктар | 12.08.2025 | Орусиядан 90 миңден ашык кыргыз жараны чыгарылышы мүмкүн
Сиздин браузер HTML5 ыкмасын колдобой жатат.
Орусияда көзөмөлдөөчү реестрге түшүп калган Кыргызстандын 91 миң жараны 10-сентябрдан кийин өлкөгө кайтарылышы мүмкүн. Бул тууралуу 12-августта Тышкы иштер министрлиги билдирди. Мындай чара Орусияда жыл башында кабыл алынган миграциялык мыйзамга ылайык көрүлөт. Анда Орусиянын аймагында жүрүүгө, жашоого мыйзамдуу негизи жок чет элдиктер өлкөнүн аймагынан чыгып кетүүгө тийиш деп жазылган.