Жогорку Кеңеште Эгембердиев менен Дүйшеевге Эмгек баатыры наамын берүү сунушталды

Таабалды Эгембердиев менен Шайлообек Дүйшеев.

Жогорку Кеңештин 24-сентябрдагы жыйынында депутат Мирлан Самыйкожо коомдук ишмер, улуттук маданиятты өнүктүргөн ишкер, публицист Таабалды Эгембердиевге Эмгек баатыры наамын берүүнү сунуштады. Эл өкүлү буга байланыштуу кыргыз интеллигенциясынын кайрылуусу бар экенин белгиледи.

Депутат муну менен кошо ушундай эле наамды Эл акыны Шайлообек Дүйшеевге да ыйгаруу сунушун айтты.

“Шоро” компаниясын, этнографиялык багыттагы “Супара” комплексин негиздеген ишкер, публицист Таабалды Эгембердиев 2015-жылы 16-майда 64 жаш курагында дүйнөдөн кайткан.

“Аптап”, “Кайдыгерлик”, “Эки дөөнүн күрөшү” баштаган бир канча китептин автору Шайлообек Дүйшеев быйыл 75 жашка толду. (КЕ)

Дагы караңыз

Тажикстанда издөөдө жүргөн 400 киши Орусияда кармалдыПрезидент Жапаров БУУдагы сөзүндө дүйнөдөгү согуштарды токтотууга чакырдыПольшада санкцияны кыйгап, унаа сатуу иши боюнча 20 киши кармалдыСадыр Жапаров БУУдагы сөзүндө Кыргызстанга салынган санкцияларды ички ишке кийлигишүү деп баалады