26-сентябрдын аба ырайы: тоолуу райондордо кар жаайт

Синоптиктердин билдирүүсүнө караганда, 26-сентябрда түнкүсүн Ош, Жалал-Абад, Баткен облустарынын тоолуу райондорунда жаан жаап, күн күркүрөйт. Бийик тоолуу райондордо кар жаашы мүмкүн. Ош, Жалал-Абад, Баткен облустарынын дыйканчылык аймактарында жана калган аймактарда жаан-чачын болбойт. Эртең менен жана күндүз айрым жерлерде жаан жаап, күн күркүрөйт. Батыштан соккон шамалдын ылдамдыгы секундасына 4-9 метрге жетет.

Абанын температурасы:

Чүй өрөөнүндө түнкүсүн 7…12, күндүз 23…28;

Талас өрөөнүндө түнкүсүн 5…10, күндүз 21…26;

Баткен облусунда түнкүсүн 8…13, күндүз 24…29;

Ош, Жалал-Абад облустарында түнкүсүн 9…14, күндүз 25…20;

Ысык-Көл облусунда түнкүсүн 5…10, күндүз 16…21;

Нарын облусунда түнкүсүн 3…8, күндүз 17…22.

Бишкек шаарында жаан жаабайт. Батыштан соккон шамалдын ылдамдыгы секундасына 4-9 метрге жетет. Абанын температурасы түнкүсүн 11…13°, күндүз 24…26° жылуу болот.

Дагы караңыз

Украиналык журналист Виктория Рощина Орусияда абакта каза болгону аныкталдыБУУнун комиссары Кыргызстанда Кыйноолорду алдын алуу борборунун жоюлушун айыптадыСпикер Жогорку Кеңешти таркатууга сырткы күчтөр аралашпаганын айттыАКШдагы кыргызстандык мигранттарга мыйзам бузбай, документин ала жүрүүсү керектиги эскертилди