Бишкекте милиция өспүрүм кыздын чачын жулган окуяны териштирип жатат

Сүрөт видеодон алынды.

Бишкектин Октябрь райондук милициясы шаардагы конуштардын биринде бейтааныш аял жаш кыздын чачын жулган окуя боюнча сотко чейинки териштирүү иштерин баштады. Маалыматка караганда, эки тарап тең милицияга арыз менен кайрылды.

Соттук-медициналык экспертиза дайындалды. Анын жыйынтыгы менен юридикалык баа берилерин милициянын басма сөз кызматы билдирди.

Мунун алдында бейтааныш аял жаш кыздын чачынан кармап, тилдеп жаткан видео социалдык тармактарга тараган.

Соцтармактын колдонуучулары аял кызды короосунун алдын таштанды кылып, тамеки тартып жатканы үчүн айыптаганын жазышты. Ал эми кыз жаандан коргонуу үчүн ошол жерде турганын айткан. Экөөнүн ортосунда уруш чыккан. (КЕ)

Дагы караңыз

ТИМ: Красноярскидеги рейдде кармалгандар арасында Кыргызстандын жараны бар Зеленский Путин менен Казакстанда жолугууга даяр экенин билдирдиЖогорку Кеңеш өзүн өзү таркатуу сунушун бир добуштан колдодуУкраина Орусиянын Су-34 , АН-24 учактарын жок кылганын билдирди