Жаңылыктар | 18.09.2025 | Ташиев: Борборду которууну эл чечет

Сиздин браузер HTML5 ыкмасын колдобой жатат.

Улуттук коопсуздук боюнча мамлекеттик комитеттин (УКМК) төрагасы Камчыбек Ташиев Жалал-Абад шаарын Манас деп атоо анын идеясы болгонун жана эл да демилге көтөргөнүн айтты. 18-сентябрда шаардын аталышынын өзгөртүлүшү тууралуу маегинде Кыргызстандын борборун Манаска көчүрүү боюнча коомчулуктагы сөздөргө да комментарий берди.