Жаңылыктар | 17.09.2025 | “Ош ситинин” ишмердигин комиссия текшерет
Сиздин браузер HTML5 ыкмасын колдобой жатат.
Президент Садыр Жапаров “Ош-Сити” шаарчасынын курулушу боюнча комиссия түздү. Бул тууралуу Ош шаарынын мэри Жеңишбек Токторбаев сөз болуп жаткан шаарчадан батир алган адамдар менен жолугушууда айтканы белгилүү болду.
Ал жолугушуу тартылган видео интернетке тарады. Анда Жеңишбек Токторбаев шаарчанын курулушун көрүү үчүн Ошко Бишкектен Президенттин иш башкармалыгынын башчысы Каныбек Туманбаев, курулуш, архитектура жана турак жай-коммуналдык чарба министри Нурдан Орунтаев келип кеткенин айткан.