Жаңылыктар | 09.09.2025 | Кыргызстанда атомдук электр станциясы курулабы?
Сиздин браузер HTML5 ыкмасын колдобой жатат.
Энергетика министринин биринчи орун басары Эмилбек Ысманов Кыргызстанда атомдук электр станциясын (АЭС) куруу боюнча министрлик жакын арада сунуш берерин билдирди. Ысманов айрым кошуна өлкөлөр АЭС куруу боюнча чечим кабыл алганын кошумчалады.
Энергетика министри Таалайбек Ибраев 2024-жылы октябрь айында Орусиянын “Росатом” ишканасы Кыргызстанга курууну пландап жаткан АЭС боюнча коомчулукка түшүндүрүү иштери жүрүп жатканын кабарлаган.