Айрым шайлоо тилкелериндеги жыйынтык жокко чыгарылууда

30-ноябрдагы добуш берүү күнү тартылган сүрөт.

Кыргызстанда мөөнөтүнөн мурда парламенттик шайлоодо мыйзам бузуу фактылары аныкталганын, айрым жерлерде добуш берүүнүн жыйынтыгы жокко чыгарылып жатканын бүгүн 5-декабрда президенттик администрациянын маалыматтык саясат кызматынын башчысы Дайырбек Орунбеков билдирди. Ал Фейсбукка пост жазып, "бийлик шайлоону таза өткөрүү зарылдыгын эскертип, талапкерлерге добуш сатып албоону, ал эми шайлоочулардан добуш сатпоону катуу талап кылганын", "ага карабастан бир топ мыйзам бузуу орун алып, көп фактылар катталганын" айтты.

№13 округда шайлоонун жыйынтыгы толугу менен жокко чыгарылып, кайра шайлоо дайындалары, БШКнын чечимине ылайык, кийинки шайлоого бул округдан талапкер болгондор катыша албай турганы айтылды.

№8 округда аймактык комиссия "пачкалап акча таратуу" тууралуу видеодон улам №5249 жана №5514 шайлоо тилкелериндеги жыйынтыкты жокко чыгаруу чечимин кабыл алганы, ошондой эле аймактык комиссиянын чечими менен №26 округдун №7030, №7029 жана №7028 тилкелериндеги добуш берүүнүн жыйынтыгы жокко чыгарылганы маалымдалды.

"Жапырт мыйзам бузуу, добуш сатып алуу" болгон №9 округдун №5039, №5050, №5054, №5577, №5040, №5041 жана №5548 тилкелеринин жыйынтыгы да жокко чыгарылганы айтылды.

Орунбеков билдиргендей, Ички иштер министрлиги материалдарды каттап, алардын негизинде иш жүргүзүп жатат, аталган мекемеде Интернетте жарыялангандан тышкары да фактылар, материалдар бар.

"Айрым шайлоо тилкелеринин жыйынтыгы жокко чыгарылышы менен шайлоонун жалпы жыйынтыгында дагы өзгөрүүлөр болушу мүмкүн. Мындай кырдаалга сөзсүз саясий боек берип, шайлоочулардын сезими менен ойногондор дагы чыгышы мүмкүн", - деген Орунбеков бийлик өз же өзгө деп бөлбөй, мыйзам бузулган факты болсо эч кимди аябай турганын кошумчалады.

№13 округдагы шайлоону БШК 3-декабрда жараксыз деп тааныган. Буга "талапкерлердин өкүлдөрү шайлоочулардын аракеттерин көзөмөлдөө жана байкоо максатында смартфондордогу камераларды орнотушканы" негиз болгон.

№8 округдун айланасындагы маселеге көңүл бурууну өлкө жетекчилигинен ал жерден талапкер болгон, баштапкы эсеп боюнча уткандардын катарына кирген Жылдызкан Жолдошева өтүнгөн. Ал "оппоненттер же кайсы бир күчтөр №27 округда тартылган 5 миң сомдуктан добуш сатып алуу болуп жаткан видеону" анын участогуна "чаптап", ЖМК аркылуу жалган маалымат таратып жатышканын айткан.

№26 округ боюнча талапкер Элдар Абакиров БШКга жана укук тартибин коргоо органдарына кайрылып, ушул аймакта аныкталган 460 миң сомдун чоо-жайын, айрым тилкелердеги добуш берүүнүн жыйынтыгы жокко чыгарылып жатканын териштирүүнү талап кылган. Бул маселени Боршайком 5-декабрдагы отурумунда карап, чечимди укук тартибин коргоо органдарынын корутундусунан кийин кабыл алмай болду.

Кыргызстанда мөөнөтүнөн мурда парламенттик шайлоо 30-ноябрда өттү. 30 округдун ар биринен үчтөн депутат шайланып келиши керек. (RK)

Дагы караңыз

УКМК Сирияга кеткен уулун күтүп жүргөн Разия Уметова тууралуу комментарий берди Качкын олигарх, криптовалюта жана Кремлдин батасы менен көгөргөн "көмүскө" схемаКытай–Кыргызстан–Өзбекстан темир жол долбоору: Жалал-Абадда беш миң жумушчу тартылды Казакстанда анонимдүү колдонуучуларга чара көрүү сунушталууда