Түркия: ХАМАС Газадагы башкарууну палестиналык комитетке өткөрүүгө даяр

Газа сектору. 25-октябрь, 2025-жыл .

АКШ менен Евробиримдикте террордук деп таанылган ХАМАС куралдуу тобу Газа тилкесиндеги бийликти палестиналык комитетке өткөрүп берүүгө даяр экенин түрк тышкы иштер министри Хакан Фидан Катардагы форумда билдирди.

Анын айтымында, сектордогу жаңы администрация жана полиция ХАМАС куралын таштаганга чейин ишин баштоого тийиш.

Ишенимдүү башкарууну түзмөйүнчө жана коопсуздук күчтөрү окутулмайынча ХАМАСтын куралын таштоосу күмөндүү экенин Фидан кошумчалады.

Ал полициянын ишине эл аралык күчтөр колдоо көрсөтөрүн белгилеп, ал миссияга кайсы мамлекеттер кошуларын тактаган жок.

Министр ХАМАСтын жоочулары полициянын курамына кирбей турганын айтты. Эгерде ХАМАС менен Израил ок атышууларды токтотуу боюнча кийинки баскычка өтпөсө, "бул бүт дүйнө үчүн, негизинен АКШ үчүн да иш ордунан чыкпагандык болот" деди Фидан.

ХАМАС менен Израил Газадагы ок атышууларды токтотуу тууралуу келишимди быйыл октябрда түзгөн. Анын биринчи баскычында 2023-жылдын 7-октябрындагы кол салууда барымтага алынган 20 израилдик туткун Израилдин түрмөлөрүндө отурган палестиналыктарга алмаштырылышы керек.

Axios басылмасынын маалыматына караганда, АКШнын президенти Дональд Трамп тараптар келишимдин экинчи баскычына 25-декабрга чейин өтүшү керек деп эсептейт. Ага ылайык, Газа секторунан Израил армиясынын негизги бөлүгү чыгарылып, эл аралык күчтөр киргизилип, жаңы администрация түзүлүшү керектиги кабарланган.

Кошмо Штаттардын планы боюнча аны араб жана Батыш мамлекеттеринин он лидери кирген "Тынчтык кеңеши" башкарууга тийиш.

Дагы караңыз

Активист Мавлян Аскарбеков милицияга чакырылганын билдирди