Айыл чарба министрлиги жаш ветеринарларды колдоо программасы даярдалып жатканын билдирди

Архивдик сүрөт.

Суу ресурстары, айыл чарба жана кайра иштетүү өнөр жайы министрлиги жаш адистерди колдоо үчүн "Жаш ветеринар: турак жай жана карьера" аттуу пилоттук программа ишке киргизилерин билдирди. Ушул тушта буга байланыштуу өкмөттүн токтомунун долбоору даярдалып жатканын маалымдады.

Ага ылайык, бул программа негизинен алыскы жана шарты катаал аймактардагы мал догдурлар таңкыстыгын жоюуга багытталат.

"Программага бир жылда 60 жаш адис катыша алат жана алар кеминде беш жыл иштеп берүү тууралуу милдеттеме алат. Анда айлык акысын жогорулатуу, ипотекага баштапкы төлөм чогултуу үчүн депозитке ай сайын каражат топтоо, батир ижарасына кенемте төлөп берүү же кызматтык турак-жай менен камсыз кылуу каралган. "Турак жай + карьера" модели региондорду жаш ветеринарлар менен камсыз кылып, мамлекеттик ветеринардык кызматтын сапатын жогорулатууга, биокоопсуздукту бекемдөөгө жана айылдарын социалдык-экономикалык абалын оңдоого багытталган",- деп жазылган маалыматта.

Расмий маалыматка ылайык, учурда өлкөдө мамлекеттик кызматкер катары 639 ветеринардык инспектор иштейт. Ал эми райондук, шаардык башкармалыктар менен түзүлгөн келишимдин негизинде эмгектенген 1145 жеке ветеринардык адис бар.

Былтыр июлда “Азаттыктын” сайтына "14 айылга бир ветеринар". Аймактык реформанын айтылбаган көйгөйлөрү” деп аталган макала жарыяланган. Анда аймактык-административдик реформа тууралуу маалымат берилип, айыл аймактардын ирилештириши менен ветеринардык кызматкерлердин штаттык бирдиги азайганы тууралуу пикир айтылган.

Айыл чарба министрлиги ага жооп берип, мекеменин алдындагы Ветеринардык кызматтын айрым укуктары аутсорсинг аркылуу жеке ветеринарларга өткөрүлүп берилгенин билдирген. Мындай шартта жеке ветеринарлар жана параветеринардык адистер Ветеринардык палатанын каттоосунан өтүп, реестрге катталарын, андан соң аймактардагы ветеринардык башкармалыктар менен келишим түзүп, өзүнө бекитилген участокто иштей аларын маалымдаган.

Дагы караңыз

Ташиев ЦУМдун жанында жолго чыгып кеткен курулуштарды алууну тапшырды Тайланд Камбоджаны кол салууга айыптап, аскердик объектилерине абадан сокку урганын билдирди Долондо жүк ташыган машиналарга убактылуу чектөө киргизилдиГоада түнкү клубда өрт чыгып, кеминде 25 адам мерт болду