Казакстанда Пермь-Ташкент багытындагы автобус кырсыкка учурап, беш адам мерт болду

Иллюстрациялык сүрөт.

Казакстандын Актөбө облусунда Пермь-Ташкент багытындагы автобус аварияга учурап, беш адам, анын ичинде эки өзбек жараны мерт болду. Кабарларга караганда, дагы 11 адам ооруканага жеткирилди.

Өзбекстандын Өзгөчө кырдаалдар министрлиги кырсык 7-декабрда таңга маал Айтекебий районунда орун алганын кабарлады. Автобуста 49 жүргүнчү болгон.

Өзбекстандын Өзгөчө кырдаалдар министрлиги жумушчу топ түзүлгөнүн, жол кырсыгында мерт болгон жарандардын сөөгүн мекенине жеткирүү, жакындарына жардам көрсөтүү иштери жүрүп жатканын кабарлады.

Учруда кырсыктын себептери так аныктала элек. Актөбө облусунун полициясы сотко чейинки териштирүү баштады.

Расмий маалыматка ылайык, жыл сайын Казакстанда жол кырсыктарынан 10 миңдей адам набыт болот. Авариянын негизги себептери катары айдоочулардын жол эрежесин сактабаганы, жолдордун абалы аталат.

Дагы караңыз

БШКнын жумушчу тобу №19 шайлоо округу тууралуу арызды четке какты Айыл чарба министрлиги жаш ветеринарларды колдоо программасы даярдалып жатканын билдирдиТашиев ЦУМдун жанында жолго чыгып кеткен курулуштарды алууну тапшырды Тайланд Камбоджаны кол салууга айыптап, аскердик объектилерине абадан сокку урганын билдирди Долондо жүк ташыган машиналарга убактылуу чектөө киргизилдиГоада түнкү клубда өрт чыгып, кеминде 25 адам мерт болду