Орусия Украинанын аймагына "Шахед", "Гербера" жана башка үлгүдөгү 150дөй дрон менен сокку урду. Алар Брянск, Орёл, Курск, Приморско-Ахтарск жана Миллероводон, ошондой эле учурда Орусиянын көзөмөлүндөгү Донецк менен Крымдан учурулганын Украинанын Аба күчтөрү 8-декабрда билдирди.
Алдын ала маалыматтарга караганда, украин армиясы 131 дронду атып түшүргөн.
Днепропетровск облусуна жасалган соккудан бир кишинин өмүрү кыйылды.
Зеленодольск жана Грушевка аймактарында айыл чарба ишканасы, жеке турак жай, газ түтүгү жабыркаганын облустук администрация билдирди.
Межирич айылында төрт адам жаракат алган. Арасында 14 жаштагы бала бар. Никополь районунда 13 жаштагы кыз жабыркады, эки беш кабаттуу имарат, искусство мектеби жана автоунаа талкаланган. Днепр шаарында да дрон соккулары катталып, административдик имарат күйүп, көп кабаттуу үч үй жабыркады.
Сумы облусунун Ахтырка шаарында тогуз кабаттуу үйгө үч дрон тийген. Облустун башчысы Олег Григоров жети адам жаракат алып, ооруканага жеткирилгенин билдирди.
Черниговдо көп кабаттуу үйдүн жанында дрон кулап, жарылуудан кийин газ түтүгү күйүп кеткен. Шаар администрациясынын жетекчиси Дмитрий Брижинский кеминде үч адам жаракат алганын билдирди. Киев облусунун Фастов шаарында да дрон соккусу катталып, эки имараттын чатыры өрттөндү. Жарылуудан жеке үй жана администрациялык имараттар бузулган. Өрт өчүрүлдү.
Ал тапта Украинанын президенти Владимир Зеленский 8-декабрда Лондондо Европа лидерлери менен жолугуп, АКШ президенти Дональд Трамптын согушту токтотуу боюнча планын талкуулай турганы күтүлүп жатат.