Кыргызстандын быйылкы жылга консолидацияланган бюджети 1,1 трлн сомдон ашты. Бул тууралуу “Ынтымак Ордодо” Министрлер кабинетинин төрагасы Адылбек Касымалиев өкмөттүн кезектеги жыйынында айтты.
Жыйында “Кыргыз Республикасынын 2025-жылга жана 2026-2027-жылдардын пландык мезгилине республикалык бюджети жөнүндө” мыйзамга өзгөртүүлөрдү киргизүү тууралуу” мыйзам долбоору талкууланды.
“Бүгүн биз 2025-жылга консолидацияланган бюджетти карап жатып анын көлөмү 1,1 триллион сомдон ашканын расмий түрдө жарыялайбыз жана 2025-жылы триллиондук тарыхый чекти басканыбызды белгилейм. Бекитилген консолидацияланган бюджет 708,8 млрд сом болчу, азыр 381,7 млрд сомго өсүү же 153,8% көбөйүү менен жылды жыйынтыктаганы жатабыз. Киреше жана чыгашаларды эсептегенден кийин 10 млрд сомдон ашык профицит менен бул жылдан чыгабыз”, – деди Адылбек Касымалиев.
Министрлер кабинетинин төрагасы бюджеттин көбөйүшү экономиканын өсүш темпи менен шартталганын белгилеп, узап бараткан жылдын 10 айында ички дүң продукттун (ИДП) өсүшү 10% түзгөнүн айтты.
Отурумдун жыйынтыгында Министрлер кабинети республикалык бюджетке өзгөртүүлөрдү киргизүү тууралуу чечимди жактырды.
2025-жылдын бюджети жөнүндө мыйзамды Жогорку Кеңеш 2024-жылдын 11-декабрында кабыл алган. Президент Садыр Жапаров ага 2025-жылдын 15-январында кол койгон.
Документке кийин да өзгөртүү киргизилген. Жыл аяктаган соң бюджеттин аткарылышы боюнча да мыйзамга алымча-кошумчалар болот. Мунун баары кабыл алынган, такталган жана аткарылган бюджеттер деп аталат.
Кыргызстандын азыркы бийлиги 2021-жылдан тартып бюджетти өлкөнүн бардык тармактагы киреше-чыгашасын кошуу менен "консолидацияланган бюджет" же "бириктирилген бюджет" деген аталышта сунуштай баштаган. Буга республикалык бюджет, жергиликтүү кеңештердин бюджети, Социалдык фонддун жана Милдеттүү камсыздандыруу фондунун кирешелери, активдер жана милдеттемелер кошулган.
Айрым адистер мындай ыкма өлкөнүн жалпы кирешесин бир кароого мүмкүнчүлүк түзөрүн айтышса, кээ бирлер өкмөт шаарлардын бюджеттерин, Соцфондду жана башкаларды республикалык бюджетке кошуп, "коомчулукту манипуляциялап жатат" деп сынга алып келишет. (ErN)