Нобелдин Тынчтык сыйлыгынын лауреаты Мария Мачадо Ослого жашыруун барды

Нобелдин Тынчтык сыйлыгынын лауреаты Мария Мачадо Ослодо.

Нобел тынчтык сыйлыгынын быйылкы лауреаты, Венесуэланын оппозиция лидери Мария Корина Мачадо 11-декабрга караган түнү Ослого барды. Бул тууралуу Нобел комитетинин төрагасы Йорген Ватне Фриднес билдирди. Мачадо сыйлык тапшыруу аземине бир нече саат кечигип келди.

Ал Ослодогу Grand Hotel мейманканасынын балконуна чыгып, чогулган эл менен учурашты. Колун жүрөгүнө коюп ырдап, андан кийин элдин арасына түштү.

58 жаштагы саясатчы Норвегияга жашыруун келүүгө аргасыз болгон. Ага он жылга чет өлкөгө чыгууга тыюу салынган болчу.

Ослодо Нобель сыйлыгын анын кызы Ана Корина Соса Мачадо алды.

Апасынын атынан сүйлөп жатып, ал Венесуэладагы азыркы бийликти "мамлекеттик террорчулукка" айыптады. Мамлекеттик репрессиялар маалында өлкөдө 2 500дөй адам уурдалган, дайынсыз жоголгон же кыйноого кабылганын билдирди.

Нобел комитети Мария Корина Мачадону Венесуэла элинин демократиялык укуктарын коргоодогу "тынымсыз эмгеги" үчүн сыйлады. Комитет анын диктатурадан демократияга тынч жана адилеттүү өтүү үчүн күрөшүнө өзгөчө баа берди.

Мачадо 2024-жылдагы президенттик шайлоонун жыйынтыгына каршы чыккан. Шайлоого катышууга тыюу салынгандан кийин, анын ордуна оппозициялык талапкер Эдмундо Гонсалес Уррутиа бюллетенге киргизилген. Эки саясатчы тең катуу куугунтуктан улам жашырынууга аргасыз болушкан.

Соңку жолу Мачадо эл алдына дээрлик бир жыл мурун 9-январда, Николас Мадуронун дагы бир ирет инаугурациясына каршы митингдерде чыккан.

Дагы караңыз

Орусияда эки химиялык заводго дрондон сокку урулду Сот Жылдызкан Жолдошованын БШКга каршы арызын канааттандырган жокАктивист Айбек Теңизбайды белгисиз адамдар кармап кеткени кабарланды