“Манас” театрынын директору кызматынан убактылуу четтетилди

Нурбек Талантбек уулу.

Маданият, маалымат жана жаштар саясаты министрлиги манасчылардын чыр-чатагына байланыштуу Кыргыз улуттук “Манас” театрынын директору Нурбек Талантбек уулу кызматынан убактылуу четтетилгенин билдирди.

Ушул тапта манасчылардын урушун министрликте түзүлгөн атайын комиссия иликтеп жатат.

9-декабрда социалдык тармактарда “Жаратман манасчы” сынагына байланыштуу “Манас” театрынын жетекчиси жана манасчылар аралашкан мушташ болгону тууралуу маалымат тараган.

“Жаратман манасчы” сынагы быйыл май айында жарыяланып, 18-22-октябрда “Манас” театрында өткөн. Ага манасчылар Рысбай Исаков, Замирбек Баялиев, Кулмат Сыдыков жана Асанаалы Калил уулу катышкан. Жобого ылайык, катышуучулар 10 саатка чейин "Манас" айтып, жети окуяны камтыган, 15 миң ыр сабынан турган жеке вариантын жазышкан.

Сынактын жеңүүчүлөрү 4-декабрда, "Манас" эпосунун күнү Улуттук филармонияда белгиленгенде анык болгон. Рысбай Исаков менен Замирбек Баялиевге баш байге катары 2 млн сомдон ыйгарылган. Кулмат Сыдыков 300 миң, Асанаалы Калил уулу 200 миң сом менен сыйланышкан.

Асанаалы Калил уулу аны Рысбай Исаков сабаганын айткан видеолор тарап жатат. Рысбай Исаков 11-декабрдын кечинде Фейсбук баракчасына видео кайрылуу жасап, Асанаалы Калил уулу экөөнүн ортосундагы жеке маселе коомдук талкууга чыгып кеткенин айтып, бири-бирин кечирише турган убакыт келгенин билдирди. (BTo)

Дагы караңыз

Активист Айбек Теңизбай 48 саатка камалганы белгилүү болду, бөгөт чарасы 12-декабрда каралат Болгарияда нааразылык акцияларынан кийин премьер-министр кызматтан кеттиДрон чабуулдарынан КТК 480 миң тонна мунай жоготтуСот Жылдызкан Жолдошованын БШКга каршы арызын канааттандырган жокТИМ Консоттун өлүм жазасын киргизүүгө каршы чечимин колдодуШаардык сот Рита Карасартовага чыккан өкүмдү күчүндө калтырды