Рютте Орусиянын кийинки бутасы НАТО өлкөлөрү экенин айтты

НАТОнун башкы катчысы Марк Рютте

НАТОнун башкы катчысы Марк Рютте Орусия Украинадан соң кийинки беш жылдын ичинде НАТОго мүчө мамлекеттерди аскердик бутага айлантышы мүмкүн экенин айтты.

“Орусиянын кийинки максаты биз. Тилекке каршы, көптөр азыр бейкапар эле жүрүшөт. Анткен менен убакыт жок. Иш-аракеттерди азыр баштоо керек”, — деди Рютте Берлиндеги маалымат жыйында.

Анын айтымында, Орусия Европа өлкөлөрүнө каршы диверсиялардын жана жашыруун операциялардын санын көбөйттү. Алар негизинен жарандык, аскердик жана маанилүү инфраструктураларды бутага алышат. Рютте мисал катары Польшанын темир жолундагы жардырууларды, орус учактарынын Эстониянын аба мейкиндигине кирип барышын, ошондой эле Европанын бир катар аэропортторуна жакын жерде дрондордун пайда болушун келтирди.

Рюттенин баамында, согушту алдын алуунун жалгыз жолу НАТО өлкөлөрүнүн коргонууга олуттуу даярдыгы жана бөлгөн каражатты кыйла көбөйтүү.

“Жаңжал биздин босогобузда турат. Орусия Европага согуш алып келди. Биз чоң масштабдагы согушка даяр болушубуз керек”,— деди НАТОнун башкы катчысы.

Ошондой эле ал альянска мүчө мамлекеттерди Украинаны колдоону улантууга чакырды.

Быйыл жыл башында НАТОго мүчө мамлекеттер 2035-жылга карата коргонуу чыгымдарын көбөйтүү жөнүндө макулдашкан. Бирок, Рюттенин пикиринде, бул процессти тездетүү абдан маанилүү.

Декабрдын башында Орусиянын президенти Владимир Путин Москва Европа мамлекеттери менен согушууга даяр экенин айткан. Ошол эле учурда ал, көптөгөн байкоочулардын айтымында, Европага каршы өзөктүк курал колдонуу мүмкүнчүлүгү жөнүндө кыйытып өткөн.

Бул билдирүү Путин Украинадагы согушту токтотууга багытталган тынчтык планы тууралуу АКШ делегациясы менен жолугушкан ошол эле күнү жасалган. Бирок тараптар орток пикирге келе алышкан эмес.

Дагы караңыз

"Коопсуз шаар" долбоорунун алкагында төлөнбөгөн айып пулдар 250 миң сомдон аштыКыргызстандын тарыхы боюнча 15 томдук китеп иштеп чыгуу сунушталдыБишкекте өзгөчө кыздын колун сындырган психолог алты жылга кесилдиЕАЭБ Кыргызстанга 15 миң электромобил ташып келүүгө тарифтик жеңилдик берди