Зеленский тынчтык сүйлөшүүлөрүндөгү эң талылуу маселе Донбасс экенин айтты

Украинанын президенти Владимир Зеленкий.

Украинанын президенти Владимир Зеленскийдин айтымында, Киев Донбасстын өз карамагындагы аймактарынын аскерлерин чыгарып кетсин деген талап сүйлөшүүлөрдө чечилбей жаткан эң оор маселе болууда.

Зеленский 11-декабрда Европадагы бир катар өнөктөштөрү жана Американын өкүлдөрү менен жолугушуудан кийин журналисттерге билдиргендей, орус армиясы басып алган Запорожье атомдук электр станциясынын макамы дагы талаштуу темалардын катарына кирет. Ал ошондой эле жакынкы айларда шайлоо өткөрүү маселеси карала турган болсо, ок атышууну токтотуу зарыл болорун кошумчалады.

АКШ сунуштаган 28 жободон турган тынчтык пландын алгачкы вариантын серепчилер Орусиянын позициясын жактайт деп сындап чыгышкан.

Киев жана Европа өлкөлөрү документке оңдоп-түзөөлөрдү сунуштап, аны Украинанын коопсуздугун кепилдей тургандай кылууга аракеттенип жатышат. Киев 11-декабрда 20 пункттан турган пландын өз версиясын жөнөткөн.

"Биз иштеп чыккан негизги документтин жаңыланган редакциясын америкалык тарапка жөнөттүк. Бул бүткүл процесстин пайдубалы боло алат. Азыр АКШнын жообун күтүп жатам", - деди украин президенти.

Ал Американын мамлекеттик катчысы Марко Рубио, коргоо министри Пит Хегсет жана Ак үйдүн атайын өкүлү Стив Уиткофф менен “кеңири жана терең сүйлөшүү” жүргүзгөнүн белгиледи.

Зеленскийдин айтымында, АКШнын сунуштарынын бирине ылайык, Украина күчтөрү азыр күчөтүлгөн коргонуу тилкелери менен өз көзөмөлүндө кармап турган Донецк облусунун бир бөлүгүнөн артка чегиниши керек. Вашингтон бул жерде “эркин экономикалык зона” түзүүнү сунуштап жатат. Зеленский кошумчалагандай, "бул аймакты ким башкарары азырынча эч кимге түшүнүксүз".

Анын айтымында, Орусия бул аймакты “демилитаризацияланган аймак” деп атай баштаган.

Аймак боюнча кандай болбосун чечимди украин эли өзү чечиши керек экенин Зеленский баса белгиледи.

Дагы караңыз

"Коопсуз шаар" долбоорунун алкагында төлөнбөгөн айып пулдар 250 миң сомдон аштыАлматыда ымыркай саткандарга байланыштуу 20 иш тергелүүдөЗеленский шайлоо өткөрсө болорун, бул үчүн аткылоо токтошу зарыл экенин айтты