Ирактын мурдагы президенти Салих БУУнун Качкындар боюнча жогорку комиссары болуп дайындалды

Ирактын мурдагы президенти Бархам Салих

Бириккен Улуттар Уюмунун баш катчысы Антониу Гутерриш Ирактын мурдагы президенти Бархам Салихти Качкындар боюнча жогорку комиссарлыкка сунуштады.

Ал 1-январдан тартып мөөнөтү беш жылдык ишке кирет. Буга чейин агенттикти (UNHCR) италиялык Филиппо Гранди жетектеп келген.

Саддам Хусейндин куугунтугунан качып Британияда билим алган, 2018–2022-жылдары Иракты башкарган Салих агенттикке дүйнөдөгү качкындардын саны рекорддук деңгээлге жеткен маалда келди.

Ошол эле учурда демөөрчүлөрдүн салымы азайып, UNHCR 2026-жылкы бюджетин 8,5 миллиард долларга чейин кыскартып, беш миңдей кызмат ордун жоюуга мажбур болууда.

Салих качкындар тоскоолдуктарга карабай, билим жана жумушка жетүү мүмкүнчүлүгүнө ээ болушу керек деп айтат. Ал ислам каржылоосун, жеке секторду жана жаңы демөөрчүлөрдү тартууну көздөп, атайын кеңеш түзүүнү сунуштоодо.

Жаңы комиссар Батыштагы башпаанек эрежелеринин катаалдашы жана качкындарды кабыл алган жакыр өлкөлөрдүн нааразычылыгы күчөп турган шартта ишке киришет.

Бул кызматка 10дон ашык талапкер ат салышкан, алардын көпчүлүгү европалыктар болгон.

Дагы караңыз

Менчик автомектептерге январдан баштап курсант албай туруу сунушу берилгени айтылды Трамптын Орусиядан да, Украинадан да көңүлү калганын Ак үй билдирдиРютте Орусиянын кийинки бутасы НАТО өлкөлөрү экенин айтты