Жаңылыктар | 10.12.2025 | Манасчылардын чыр-чатагын атайын комиссия иликтейт

Сиздин браузер HTML5 ыкмасын колдобой жатат.

Маданият министрлиги Кыргыз улуттук “Манас” театрында бир катар манасчылардын ортосунда чыр-чатак чыккандыгы тууралуу маалыматтарды иликтөө үчүн комиссия түзүлгөнүн билдирди. Социалдык тармактарда жакында эле өткөн “Жаратман манасчы” сынагына байланыштуу “Манас” театрынын жетекчиси жана манасчылар аралашкан мушташ болгону тууралуу маалыматтар тарады.