13-декабрда Беларуста саясий туткун, 2020-жылдагы нааразылык акцияларынын лидерлеринин бири Мария Колесникова, укук коргоочу, Нобелдин 2022-жылдагы Тынчтык сыйлыгынын лауреаты Алес Беляцкий, президенттик шайлоого талапкер болуп катышкан оппозиционер саясатчы Виктор Бабарико эркиндикке чыкты. Үчөө тең 2020-жылдардын башында 10-14 жылга кесилген.
"Весна" укук коргоо кыймылынын маалыматына караганда, мунапыс алгандардын катарында адвокат Максим Знак, TUT.BY порталынын башкы редактору Марина Золотова, укук коргоочу Валентин Стефанович жана саясат талдоочу Александр Федута да бар.
Лукашенконун басма сөз кызматынын"Пул Первого" Телеграм каналы бул жолу ал "тыңчылык, террордук жана экстремисттик ишмердүүлүгү үчүн" соттолгон жалпысынан 123 кишиге мунапыс бергенин кабарлады.
Бозгундагы беларус оппозициясынын лидери Светлана Тихановскаянын кеңешчиси Денис Кучинский бошотулган саясий туткундардын баары "коопсуздукта жана Беларустан тыш аймакта" экенин маалымдады. Мария Колесникова, Виктор Бабарико жана Максим Знакты Украинага алып чыгып кетишкенин "Зеркало" жазды.
Абактан бошотулгандар арасында Украинанын беш жараны бар экенин украин президенти Владимир Зеленский кабарлап, АКШнын активдүү ролун жана чалгын мекемелеринин кызматташтыгын белгиледи.
Лукашенконун басма сөз кызматы аталган жарандарга эркиндик берүү тууралуу чечим АКШ президенти Дональд Трамп менен жетишилген макулдашууга жана "Беларуськалийге" каршы киргизилген санкция жокко чыгарылганына байланыштуу кабыл алынганын маалымдады.
Беларусту 1994-жылдан бери башкарып келе жаткан Лукашенко быйыл январда өткөн шайлоого да катышып, президент болуп жетинчи жолу жарыяланган.
2020-жылдагы шайлоодо оппозиция жана көз каранды эмес байкоочулар добуш берүүдө жапырт бурмалоо болгонун айтып чыгышкан. Президенттик шайлоонун талаштуу жыйынтыктарынан кийин башталган толкундоолордон соң бул өлкөдө журналисттерди, активисттерди кармоо күчөгөн, алардын көбү камакка алынган. Оппозициялык талапкер Светлана Тихановская өзүн жеңүүчү деп жарыялаган. Өлкөдө башаламандык тутанып, күч менен басылган, миңдеген киши кармалган. Тихановская кысымга кабылып, мекенинен чыгып кеткен.
Батыш өлкөлөрү Лукашенкону Беларустун мыйзамдуу лидери деп тааныбайт.(RK)