Орусиянын Башкы прокуратурасы Германиянын Deutsche Welle медиа компаниясын "жагымсыз" уюмдардын катарына кошуу тууралуу сунушту колдогон чечимге келгенин Мамлекеттик Думанын чет элдик кийлигишүү боюнча комитетинин башчысы Василий Пискарев билдирди.
Ал Башкы прокуратуранын чечимин жогору баалай турганын айтты. Башкы прокуратура маалымат бере элек. Азырынча Deutsche Welle бул реестрде жок.
Пискарев Германиянын мамлекеттик медиа компаниясын "орусиялыктарга каршы пропаганданын авангарды" деп сындады. Компаниянын медиа академиясын "Орусияда башаламандык чыгарууга аракет кылган адистерди даярдап жатат" деп айыптады.
11-декабрда Пискарев жетектеген комитет Мамлекеттик Думага саясий административдик укук бузуулар үчүн соттолуп, бирок чет мамлекеттерде жүргөн орусиялыктарды шайлоо укугунан ажыратууну сунуштаган мыйзам долбоорун киргизди.
Орусиянын Юстиция министрлиги 200дөн ашуун бирикмени «жагымсыз уюмдардын» тизмесине киргизген.
"Кара тизмеге" түшкөн уюмдар менен байланышкан же анын ишине аралашкан делген жарандарга 15 миң рублге чейин айыппул салынат. Эгер кайрадан кармалса төрт жылга чейин эркинен ажыратышы ыктымал. Бирок укук коргоочулар Орусиянын тиешелүү мыйзамында "жагымсыз уюмга" байланышты аныктоонун жол-жобосу так жазылбаганын билдирип келет.