Австралия курал-жарак боюнча мыйзамдарын катаалдаштырат

15-декабрда Сиднейликтер Бонди-Бичтеги атышуунун курмандыктарын эскерип, гүл коюшту.

Австралиянын бийлиги 15-декабрда курал-жабдыктар тууралуу мыйзамдарды катаалдатууга убада берди. Буга жекшембидеги 15 адамдын өмүрүн алган кандуу окуя түрткү болду. Бул тууралуу өкмөт башчы Энтони Албаниз билдирди. Ал өкмөт курал мыйзамдарын күчөтүүгө жана улуттук курал реестрин түзүүгө макул болгонун билдирди.

Бул реестр лицензия менен уруксат берилген куралдардын санына жана лицензиянын колдонуу мөөнөтүнө байланыштуу маселелерди жөнгө салууга багытталат.

Кол салууга шектелгендер ата-бала болгон. 50 жаштагы атасы окуя болгон жерде жок кылынган. Муну менен каза болгондордун саны 16га жетти. Анын 24 жаштагы уулу оор абалда ооруканада жатат. Бул тууралуу полиция басма сөз жыйынында билдирди.

Чабуулдан кийин ооруканага жеткирилген 40 адамдын арасында эки полиция кызматкери да бар, алардын абалы оор, бирок туруктуу экени айтылды.

Полиция шектүүлөрдүн аты-жөнүн расмий ачыктаган жок. Коопсуздук кызматтары алардын бири мурда эле укук коргоо органдарына белгилүү болгонун, бирок түз коркунуч катары каралбаганын кабарлашты.

"Учурда эки адамдын тең өмүр баянын кылдат иликтеп жатабыз. Азырынча алар тууралуу маалымат өтө аз", — деди Жаңы Түштүк Уэльс штатынын полиция комиссары Мал Лэньон.

Улуттук ABC телеканалы жана башка маалымат каражаттары шектүүлөрдү Сажид Акрам жана анын уулу Навид Акрам деп аташты. Ички иштер министри Тони Бьерк атасы Австралияга 1998-жылы студенттик виза менен келгенин, ал эми уулу Австралияда туулганын айтты.

Албаниз каралып жаткан чаралардын арасында мөөнөтү чектелбеген лицензияларга тыюу салуу, бир адамга уруксат берилген куралдардын санын жана түрлөрүн чектөө маселелери бар экенин айтты. Мындан тышкары, курал алууга уруксат Австралия жарандары менен гана чектелиши мүмкүн.

Кол салуу жекшемби кечинде Бонди-Бич жээгинде болгон. Ал маалда жээкке жөөттөрдүн Ханукка майрамын белгилөөгө миңге чукул адам чогулган. Аткылоо башталганда ошол жердегилердин арасынан Ахмед аль Ахмед аттуу киши кылмышкерди жыгып, куралын тартып алган учур видеого түшүп калган. Аны бул эрдиги үчүн Интернетте баатыр деп аташууда.

Ахмеддин өзүнө эки жолу ок тийип, операция болгону кабарланды. Аны колдоо үчүн ачылган эсепке бир миллион австралия долларынан ашык (665 миң АКШ доллары) каражат топтогон.

Дагы караңыз

Түркияда кармалган мугалим Азамат Нурмат уулу Кыргызстанга келди Румынияда миңдеген адам сот системасындагы мыйзам бузууларга каршы митингге чыктыПрезидент Жапаров министр Орозовду этиканы сактабаганы үчүн кызматтан алды