Европа мамлекеттеринин лидерлери украин президенти Владимир Зеленский менен Украинанын коопсуздугун кепилдөө үчүн алты шартты жарыялады.
Ага ылайык, төмөнкүдөй милдеттенмелер камтылган:
- Украинаны аскердик жактан туруктуу колдоо жана украин куралдуу күчтөрүнүн санын тынч мезгилде 800 миңге чейинки санда кармоо;
- АКШнын колдоосу менен Европанын жетекчилигинде түзүлө турган “каалоочулардын коалициясынын” алкагында көп улуттуу күчтөрдү түзүү;
- Ок атууну токтотууну көзөмөлдөө механизми – АКШнын жетекчилиги астында, эл аралык өкүлдөрдүн катышуусу менен ишке ашырылып, кырдаалга байкоо жүргүзүүгө багытталат. Ал чабуулдар тууралуу алдын ала эскертүүсүн берүү, эрежелердин бузулушун каттоо жана аларга ыкчам жооп кайтаруу иштерин камтыйт.
- Украинаны калыбына келтирүүгө инвестиция салуу, жаңылоо иштерин каржылоо, ошондой эле соода келишимдери жана келтирилген зыян үчүн Орусиядан компенсация төлөтүү каралат. Европа Биримдигиндеги орусиялык активдер мурдагыдай эле тоңдурулган бойдон калат.
- Кырдаал курчуп, Украинага кол салуу болгон учурда аскердик, чалгындоо, экономикалык жана дипломатиялык жолдор менен жооп кайтаруу милдеттенмеси.
- Украинанын Евробиримдикке кошулуусуна колдоо көрсөтүү.
Мунун алдында дүйшөмбүдө Берлинде Украинадагы согушту токтотуу боюнча АКШ менен украин делегацияларынын сүйлөшүүлөрүнүн экинчи айлампасы жыйынтыкталды. Зеленскийдин айтымында, сүйлөшүүлөр жемиштүү болгон, бирок аймак боюнча маселе чечилбеген бойдон калган.
Sky News басылмасы булагына таянып жазгандай, АКШ президенти Дональд Трамп сүйлөшүүлөрдүн жыйынтыгына канааттануусун билдирди. Басылманын маектеши бир катар маселеде орток пикир табылганын айткан. The Guardian жазгандай, АКШнын делегациясы тараптардын ортосундагы маселенин “90 пайызы жөнгө салынганын” билдирген.