Казакстанда Жаңы-Өзөн трагедиясынын 14 жылдыгы эскерилди

Мунайчылардын демонстрациялары өткөн аянт. Жаңы-Өзөн. Архив

16-декабрда Казакстанда Жаңы-Өзөн трагедиясына 14 жыл болду. Астана жана Алматы шаарларында Жаңы-Өзөн жана Желтоксон окуяларынын курмандыктарын эскерген иш-чаралар өттү.

2011-жылы Казакстан эгемендик күнүн белгилеп жаткан маалда мунайчылардын шаарында кан төгүлгөн. Жумушчулардын жети айга созулган иш таштоосун бийлик күч менен баскан.

Расмий маалымат боюнча ал күнү Жаңы-Өзөндө 16 киши каза тапкан, дагы бир киши шаардын четиндеги Шетпе станциясында набыт болгон. Жүздөгөн киши жараат алган.

Ички иштер министрлиги жана прокуратура аламандаган топтон «коргонуу» үчүн ок ачууга аргасыз болгонун билдирген. Кийин интернетте карапайым адамдар куралчан тартип коргоочулардан качып баратканы, алар ок чыгарганы, жарадарларды сабап жатканы тартылган видео тараган.

Шаарда коменданттык саат киргизилген. Ал кездеги президент Нурсултан Назарбаев кан төгүүдөн бир жума өткөндөн кийин барганда мунайчылардын талаптарын мыйзамдуу деп атаган. Ал эми тополоң үчүн чагымчыларды айыптап, жоопко тартуу тапшырмасын берген.

Жаңы-Өзөндө кармоолор жана суракка тартуулар башталган. Иш таштаган мунайчыларды башаламандык үчүн айыпташкан.

Казакстандык айрым укук коргоочулар 14 жылдан кийин да ал трагедия тууралуу көп суроо кала бергенин, канча киши каза тапканы так белгисиз экенин айтышат.

Жарандык активисттер белгилегендей, инфраструктура курулганы менен шаардын маселелери, жумушсуздук чечиле элек.

Ал эми 1986-жылы 16-19-декабрь күндөрү Алматынын борбордук аянтына миңдеген казак жаштары чогулуп, ошол кездеги советтик Казакстандын башчысы Динмухаммед Кунаевдин ордуна мурда өлкөдө иштебеген Геннадий Колбиндин дайындалышына каршылык билдирип чыккан. Бул акция күч менен таратылып, кийин куугунтук менен коштолгон. Желтоксон окуясында канча адам өлгөнү так белгисиз.

Дагы караңыз

Москва облусундагы мектепте өспүрүм бычак менен кол салып, бир бала каза таптыУкраина: Сүйлөшүүлөрдө жылыш бар, Донбасстын тагдыры чечиле элек"Бизди алдаптыр, согушка алып келишти". Мигрант Маликтин дайыны чыкпай жатат