Аба ырайы: көпчүлүк аймакта кар жаайт

18-декабрда түнкүсүн Чүй, Талас, Ош, Жалал-Абад, Баткен, Нарын облустарынын көпчүлүк аймактарында, Ысык-Көл облусунун айрым жерлеринде кар жаайт. Күндүз көпчүлүк аймактарда жаан, кар жаайт. Тоолуу райондордун айрым жерлеринде жаан-чачын катуу жаашы күтүлөт. Тоо этектерде жана тоолуу райондордо жолдор тонголок, тайгак болот. Айрым жерлерде туман түшөт.

Батыштан соккон шамалдын ылдамдыгы секундасына 4-9 метрден, айрым жерлерде 15-20 метрге жетет.

Абанын температурасы:

Чүй өрөөнүндө түнкүсүн -2…+3, күндуз -1…+4;

Талас өрөөнүндө түнкүсүн -3…+2, күндүз -1…+4;

Баткен, Ош, Жалал-Абад облустарында түнкүсүн 0…5, күндуз 4…9;

Ысык-Көл облусунда түнкүсүн -4…+1, күндүз 2…7;

Нарын облусунда түнкүсүн -5…-10, күндүз -3…+2.

Бишкек шаарында мезгил-мезгили менен кар жаайт. Батыштан соккон шамалдын ылдамдыгы секундасына 4-9 метрге жетет. Абанын температурасы түнкүсүн 0…-2°, күндүз 1…3° жылуу болот.

Дагы караңыз

Парламенттин жаңы курамы ишке киришти, президент сунуш-талабын айттыЖогорку Кеңештин сегизинчи чакырылышы ишин баштады"Кыргызстандын медиа платформасы" Айбек Теңизбайдын иши боюнча бийликке кайрылдыЖер мунапысын аяктоо чаралары тууралуу жарлыкка кол коюлдуСадыр Жапаров парламенттеги мурдагы партиялык системаны сынга алды