Екатеринбургдагы убактылуу кармоочу жайда кыргызстандык 40 жаран отурат

Сахарово миграциялык борборундагы мигранттар. Иллюстрациялык сүрөт.

16-декабрь күнү Кыргызстандын Екатеринбург шаарындагы Башкы консулдугунун кызматкерлери аймактагы чет өлкөлүк жарандар үчүн убактылуу кармоочу жайга барып, ал жактагы мекендештери менен жолугушту. Бул тууралуу Тышкы иштер министрлигинин басма сөз кызматы кабарлады.

Жолугушууда консулдук кызматкерлер кыргызстандык жарандарга Орусиянын мыйзамдарын сактоо, миграциялык каттоого туруу тартибин түшүндүрүп, соттун чечимине даттануу боюнча маалымат беришти. Чет өлкөлүк жарандар убактылуу кармалуучу жайда Кыргызстандын 40 жараны бар, алардын 15и жакынкы аба каттам менен мекенине жөнөтүлөт.

Мындан тышкары, Башкы консулдук Орусиянын Ички иштер министрлигинин “Асбестовский” муниципалдык бөлүмүндө кармалып турган кыргызстандыктар менен байланышты. Ал жерде да Кыргызстандын Орусиядан депортацияланган сегиз жараны кармалып турганы аныкталган. Буга байланыштуу Башкы консулдук “Асбестовскийге” барып, кыргызстандыктар менен жолугууга уруксат берүүнү сурады.

Маалыматка ылайык, тиешелүү иш-чаралар аяктаган соң, бул жарандар дагы жакын арада Кыргызстанга жөнөтүлөт.

Орусияда соңку жылдары мигранттарга каршы мыйзамдар катаалдашып, бул өлкөдө эмгектенип жүргөн кыргызстандык мигранттар бир катар чектөөлөргө туш болуп жатканын айтып келишет. Айрымдар Орусиянын аэропортторунан коё берилбей, артка кайткан учурлар бар.

Кыргызстандын Орусиядагы элчиси Кубанычбек Бөкөнтаев Орусияда 377 миң кыргыз жараны миграциялык каттоого алынганын, жалпысынан бул өлкөдө Кыргызстандын 612 миң жараны бар экенин айткан. (ZKo)

Дагы караңыз

Тажикстан Москва облусундагы мектепте болгон кол салуудан улам орус элчисине нота тапшырды Кабулда Кыргызстандын соода үйү ачылдыАКШнын Браун университетинде үч күн мурун ок аткан киши табыла элекОрусия: Мектепте бычак менен кол салган өспүрүм ага алдын ала даярданганын мойнуна алды