Бишкектеги "Байбол Ордо" этно-комплекси өрттөнүп кетти

"Байбол Ордо" комплекси. Архив сүрөт.

Бишкектин Көк-Жар айылында жайгашкан “Байбол Ордо” кафеси катары таанылган этно-комплекси 18-декабрда өрттөнүп кетти. Өзгөчө кырдаалдар министрлиги билдиргендей, тилсиз жоо кечинде саат 21:21де чектөөгө алынып, 23:05те толук өчүрүлгөн.

Күйүп кеткен жердин аянты 350 чарчы метр болгон жана өрттү өчүрүүгө алты күжүрмөн эсеп, ыкчам нөөмөт кызматы барган.

Кийин бул жайдын негиздөөчүсү Замирбек Абылаев социалдык тармактарга билдирүү таратып, “Байбол Ордо” этно-комплекси толугу менен өрттөнүп кеткенин жазды. Бул жайда шырдак жасаган Kyrgyz Handmade жана кыргыз боз үйлөрү жасалган Yurt Kyrgyz ишканасы да болгонун кошумчалады.

“Бул биз үчүн абдан оор сыноо болду. Бирок, элибизде айтылгандай, ар бир оорчулуктун артынан жеңилдик келет деген ишеним менен сабыр кылып турабыз”, - деп жазды Абылаев.

Адамдар жабыркаганы тууралуу маалымат болгон жок.

Расмий маалымат боюнча, Кыргызстанда 2024-жылы 3 148 өрт кырсыгы катталып, андан 47 адам каза болгон, алардын ичинен жетөө балдар. 2023-жылы баш-аягы 3 498 өрт кырсыгы катталып, 35 адам каза таап, 31 киши жаракат алган.

Дагы караңыз

"Камбар-Ата-1" боюнча Өзбекстан жана Казакстан менен келишим долбоору каралып жататОрусияда көзөмөл реестрине кирген кыргызстандыктар 128 миңге жетти Орусияга товар жөнөткөн тигүүчүлөрдүн маселеси боюнча маалымат берилди