АКШда жашоого жана иштөөгө укук берген грин-карт (Green card) лотереясын ойнотуу убактылуу токтотулат. Бул тууралуу Американын ички коопсуздук министри Кристи Ноэм X социалдык тармагы аркылуу билдирди.
Анын айтымында, мындай чечимге Браун университетинде ок атууга шектелген Клаудио Мануэл Невеш Валенте 2017-жылы грин-картаны дал ушул программа аркылуу алганы себеп болду.
Ноэмдин сөзүнө караганда, Валенте Кошмо Штаттарга Diversity Lottery (DV1) иммиграциялык визалар программасы аркылуу 2017-жылы кирген.
"Президент Трамптын тапшырмасы боюнча мен USCISке (АКШнын жарандык жана иммиграция кызматтары) DV1 программасын дароо токтотуу боюнча көрсөтмө бердим. Бул программа мындан ары бир да америкалыкка зыян алып келбеши керек", — деди Ноэм.
Ал ошондой эле Дональд Трамп бул программаны токтотуу үчүн 2017-жылдан бери күрөшүп келгенин белгиледи.
Министр Нью-Йоркто болгон окуяны эске салды. Анда "Ислам мамлекети" террордук уюмга катышы бар адам АКШга DV1 программасы аркылуу кирип, жүк ташуучу унаа менен адамдарды сүзгөн. Ал окуяда сегиз адамдын өмүрү кыйылган.
Браун университетиндеги ок атуу 13-декабрда, ишемби күнү, Род-Айленд штатындагы Провиденс шаарында болгон. 48 жаштагы Португалия жараны Клаудио Мануэл Невеш Валенте университеттин корпусунда эки адамды атып өлтүрүп, дагы тогуз адамды жарадар кылган. Каза тапкандардын бири өзбекстандык студент болгон.
18-декабрда Невештин сөөгү Нью-Гэмпшир штатындагы кампада табылган.
Соңку жылдары грин-картка тапшырган кыргызстандыктардын саны абдан көбөйгөн. Маселен, АКШнын Кыргызстандагы элчилиги берген маалыматка ылайык, 2022-жылкы ар түрдүүлүк виза программасы боюнча дүйнө жүзүндөгү 6 миллиондон ашуун талапкердин ичинен 55 178 кыргызстандык лотереяга катышкан. Ошол жылы кыргызстандык талапкерлерге 1388 виза берилген.