Түркмөнстанда эттин баасынын өсүшүн сындаган видеодон кийин Hitrowskin деген каймана ат менен белгилүү болгон популярдуу TikTok блогер дайынсыз жоголду.
Ноябрь айынын соңунан бери ал байланышка чыкпай, учурда кайда экени белгисиз болууда. Социалдык тармактарда блогердин өлүмү тууралуу бышыкталбаган маалыматтар тарап жатат, чын-төгүнү белгисиз.
Блогердин акыркы видеосу ноябрдын аягында жарыяланган. Анда ал эттин баасы кескин өсүп кеткенин эмоционалдуу айтып, бир килограммы 140–150 манат (40–43 доллар) турган азыкты эл кантип сатып алат деген суроо койгон. Ушул видеодон кийин Hitrowskin жоголуп кеткен.
Hitrowskin түркмөн социалдык тармактарында социалдык көйгөйлөр, баалардын өсүшү, теңсиздик тууралуу курч видеолорду жарыялап турчу.
Өлкөдө сөз эркиндигине катуу чектөө болгонуна карабастан анын материалдары кеңири талкууланып турган.
Социалдык тармактардын колдонуучуларынын айтымында, блогер жоголгондон кийин ондогон видеолор жана жүздөгөн комментарийлер пайда болуп, анда Hitrowskin кысымга алынган болушу мүмкүн деген божомолдор айтылууда.
"Эркин Европа/Азаттык" радиосунун түркмөн кызматынын булактары да социалдык тармактардын колдонуучуларына басым күчөгөнүн билдиришти. Алардын маалыматына ылайык, айрым аймактарда укук коргоо органдары жана киберкоопсуздук бөлүмдөрү TikTok’тогу сын пикир үчүн жарандарды суракка чакырып, уюлдук телефондорун тартып алып, саясий көз караштарына жана байланыштарына кызыгышкан.
Укук коргоочулар жана көз карандысыз байкоочулар акыркы айларда Түркмөнстанда социалдык тармактардын колдонуучуларына каршы кампания социалдык-экономикалык нааразычылык күчөгөн шартта активдешкенин белгилешет. Өлкөдө барган сайын көп адамдар күнүмдүк турмуштагы кыйынчылыктар, баалардын өсүшү жана азык-түлүктүн тартыштыгы тууралуу видеолорду жарыялап жатышат. Бул темалар расмий маалымат каражаттарында дээрлик чагылдырылбайт.