20-декабрга караган түнү Орусия Украинаны көздөй «Искандер-М» баллистикалык ракеталарынан үчөөнү учурганын украин Куралдуу күчтөрүнүн башкармалыгы билдирди. Мындан тышкары 51 согуштук дрон колдонгону, адабан коргонуу каражаттарынын жардамы менен алардын 31ин атып түшүрүүгө үлгүрүшкөнү маалым болду.
Жалпысынан 15 жерде баллистикалык ракеталар жана 20 дрон бутасына жеткени кабарланды.
Одесса районунун порт тилкесинде ракета тийген жерде, соңку маалымат боюнча, сегиз адамдын өмүрү кыйылды, дагы 27 адам ар кандай жараат алды.
Николаев облусунда үч район электр жарыгысыз калды.
Орусия коңшусу Украинага каршы толук масштабдуу согуш ачканына төрт жылга чамалап калды. Көптөгөн далилдерге карабастан Москва Украинанын жарандык инфраструктурасын талкалап, жайкын тургундарын өлтүрүп жатканын мойнуна албайт.
АКШ баштаган тынчтык сүйлөшүүлөрүнөн азырынча натыйжа боло элек. (RK)