Үйдөгү электр жабдууларынан чыккан өрт кырсыктары кескин көбөйгөнү маалымдалды

Бишкек. Архив сүрөт.

Кыргызстанда катталган өрт кырсыктарынын жарымынан көбү электр жабдууларын туура эмес колдонуудан келип чыгууда. Бул тууралуу бүгүн 20-декабрда өлкөнүн Өзгөчө кырдаалдар министрлиги (ӨКМ) кабарлап, элди этият болууга чакырды.

"Электр жабдууларынан келип чыккан өрт — эң кооптуу жана олуттуу зыянга учураткан коркунучтуу кырсык. Акыркы убакта көп кабаттуу үйлөрдө, жеке турак жайларда электр жабдууларынан келип чыккан өрт кескин көбөйдү. Статистиканы алсак, быйылкы жылдын 11 айы ичинде 3388 өрт кырсыгы катталган болсо, алардын дээрлик 60% электр жабдууларын туура эмес колдонуудан келип чыккан", - деп билдирди ӨКМдин басма сөз кызматы.

Адистер бузулган же эскилиги жеткен электр зымдарын колдонбош керектигин, зымды туура орнотуп, туташтыруу зарыл экенин, ашыкча күч келтирбегенге, сапаттуу жабдууларды колдонууга аракет кылуу зарылдыгын белгилешет.

Кыргызстанда кышкысын көмүр кымбат болгондуктан электр жылыткычын, электр меш сайгандар көп болот.

ӨКМдин маалыматына караганда, соңку беш жылда Кыргызстанда өрттөн 248 адамдын өмүрү кыйылды, бул аралыкта өлкөдө 19 миңге жакын өрт кырсыгы катталды. (RK)

Дагы караңыз

АКШ Сириянын аймагында согушкерлер бутага алынганын билдирдиУкраина баллистикалык ракета жана дрон менен аткыланды, кеминде сегиз өмүр кыйылдыОоганстан Кыргызстан менен транзит макулдашуусун түзүүнү сунуш кылдыЖапаров Жапонияны "Асман" шаарынын курулушуна катышууга чакырды