Быйыл Орусия тыңчылыкка байланышкан өкүмдөр боюнча рекорд койду

Орусия Украинага негизсиз кол салган 2022-жылдын февралынан бери орус соттору мамлекеттик чыккынчылык жана тыңчылыкка байланыштуу миңден ашуун өкүм чыгарды.

Анын 468и 2025-жылга туура келет. Бул 1997-жылдан берки эң жогорку көрсөткүч. 1997-жылдын башынан тартып 2022-жылдын 24-февралына чейинки аралыкта мындай айыптар менен 196 чечим чыккан.

Бул маалыматтар көз карандысыз Parubets Analytics ассоциациясынын "Первый отдел" укук коргоо долбоорунун буйрутмасы менен жүргүзгөн иликтөөсүндө айтылат.

Иликтөөдө согуш башталгандан бери Орусияда мамлекеттик чыккынчылык, тыңчылык жана жашыруун кызматташуу тууралуу беренелер саясий репрессиянын негизги куралына айланганы белгиленген.

Ушул жылдын 10-декабрына карата тыңчылыкка айыпталгандардын жалпы саны кеминде 1627 киши. Анын 564үндө Украинанын жарандыгы бар.

Быйыл тыңчылыкка айыпталып 468 киши соттолгон. Кеминде 420 иш тергөөдө, 179 адамга карата козголгон кылмыш иштер боюнча материалдар сотко түштү. Бул иштер боюнча актоо өкүмдөрү чыккан эмес, айыпталган төрт киши өмүр бою кесилген, алтоо мажбурланып психиатриялык ооруканага жиберилген, үчөө абакта каза тапкан.

Иликтөөнүн авторлору жазгандай: "Мындай иштердин дээрлик баарында айыптар мамлекеттик сырга мүмкүндүгү жокторго коюлган. Далил катары чагымчылар менен байланыш, кайрымдуулук, мындан тышкары кылмыш жасоо ниети болгон деген негиздер келтирилет. Иштер сотто жабык каралат".

Чыккынчылык жана тыңчылыкка байланышкан чечимдер бардык дубандарда, Украинанын Орусия басып алып, өзүнүн кишилерин башчылыкка койгон аймактарында да чыгарылып жатат.

Айыпталгандардын көбү саясат менен байланышы жок болгон орусиялык жарандар - студенттер, IT адистер, окутуучулар, мекемелердин кызматкерлери, ишкерлер. Андан кийинки орунда Украинанын Орусия ээлеп алган аймактарынын жашоочулары турат. Үчүнчү орунда согушка каршы чыккандар, коомдук активисттер жана академиялык коомчулуктун өкүлдөрү.

Дагы караңыз

Касымалиев мугалим, дарыгер, маданият кызматкерлердин айлыгы 50% жогорулай турганын айтты