Жаңылыктар | 21.12.2025 | Касымалиев мугалим, дарыгер, маданият кызматкерлердин айлыгы 50% жогорулай турганын айтты

Сиздин браузер HTML5 ыкмасын колдобой жатат.

Мугалим, дарыгер, маданият кызматкерлердин айлыгы 50% жогорулайт. Бул тууралуу өмөт башчы Адылбек Касымалиев "Ала-Тоо 24" телеканалына бир жылдык ишинин жыйынтыгы боюнча маек берип жатып билдирди. Министрлер кабинетинин төрагасынын айтканына караганда, 1-апрелден тартып өлкөдөгү дарыгер, мугалим, маданият кызматкерлеринин айлыгы 50% көтөрүлөт. Ал эми 2026-жылдын сентябрында муниципалдык, мамлекеттик кызматкерлердин да айлыгына 50% кошулат. Бул үчүн 39 млрд сом келерки жылдын бюджетине кошулган. Кыргызстандын мектептеринде 80 миңден ашык мугалим иштейт, дарыгерлердин саны 13 миңден ашса, медицина тармагында 33 миң адис эмгектенет.