Президент Дональд Трамптын администрациясы АКШдан өз ыктыяры менен депортация болгон мигранттарга кенемтени көбөйтүп, 3000 долларга жеткирди. Бул тууралуу дүйшөбүмдө Ички коопсуздук министрлиги билдирди.
Ал акча мыйзамсыз жүргөн, жыл аягына чейин АКШдан чыгып кетебиз деп катталган чет элдиктерге берилмекчи. Маалыматка караганда, бул каражатка билеттин баасы да кирет.
«Мыйзамсыз мигранттар бул белектен пайдаланып, өздөрү депортация болушу керек. Себеби андай болбосо аларды таап, камакка алабыз. Ошондон кийин үйлөрүнө кайта албай калышат”, - деп билдирди министр Кристи Ноэм.
Мартта Трамп администрациясы өз ыктыяры менен депортация болууну жеңилдетүү үчүн CBP Home тиркемесин жаңылаган.
Майда Ички коопсуздук министрлиги мыйзамсыз жүргөн бир кишини кармоого жана депортациялоого 17 миң доллар кетерин билдирген.
Жыл башында кызматына киришкен Трамп мыйзамсыз иммиграцияга каршы чараларды күчөткөн. Жыл сайын бир миллион келгинди өлкөдөн чыгарып туруу убадасын бергени менен азыркыга чейин быйыл 622 миң киши депортацияланды.
Эмки жылы Вашинтон администрациясы мыйзамсыз иммиграцияга каршы күрөшкө жигердүү даярданууда. Бул максатта миллиарддаган доллар бөлүнүп, кармоочу жайларды, борборлорду ачуу, мыйзамсыз жүргөн чет өлкөлүктөрдү табуу үчүн компаниялар менен кызматташуу пландалып жатат.