АКШ: Өз ыктыяры менен кеткен мигранттарга 3000 доллар берилет
Сиздин браузер HTML5 ыкмасын колдобой жатат.
“Манас” аэропортунда тумандан улам ички жана эл аралык аба каттамдар кармалып, сааттап уча албай турду. Бишкекке келаткан айрым учактар Ташкент жана Тамчы аэропортторуна конуп, нааразылыктар болду. Сириянын Алеппо шаарында өкмөттүк күчтөр менен күрт кошуундары кагылышты. Күрт кошуундары Дамаск менен түзүлгөн макулдашууга ылайык, жыл аягына чейин Сирия армиясынын курамына кириши керек эле. Мурдагы илим, жогорку билим берүү жана инновациялар министри Бактияр Орозов айдоочулук күбөлүгүнөн бир жылга ажырады. Мурдараак ал ичимдик ичип алып машине айдаган видеосу тарап, кызматтан алынган эле.