Суу таңкыстыгы Борбор Азияда климаттык миграция маселесин курчутууда

Климаттык өзгөрүүдөн улам Борбор Азияда мөңгүлөр эрип баратат. Иллюстрациялык сүрөт.

мазмуну

  • Суу тартыштыгы күчөп бараткан Борбор Азияда калктын ыңгайлуу аймактарга көчүп кетүү ыктымалдыгы өсүүдө. Адистер бул тенденция 2030-жылдан кийин тездеши мүмкүндүгүн айтышат.
  • 80 миллиондон ашык калкы бар чөлкөмдөгү дарыялар менен көлдөрдө суунун деңгээли төмөндөп, мөңгүлөр эрип, жаан-чачын жылдан жылга азайып баратат.
Дүйнөлүк ресурстар институту 2040-жылга чейин 30дан ашуун өлкөдө, анын ичинде Борбор Азияда суу тартыштыгы курч абалга жетишин божомолдойт. Институттун анализинде чөлкөмдөгү суулардын 80% ашыгы чек ара дарыяларына туура келери белгиленген.

Борбор Азиядагы өлкөлөрдүн суу маселеси бири-бирине көз каранды болгондуктан, ар бир мамлекет бул көйгөйдү өз алдынча чече албайт.

Талаага артылган үмүт азаюуда

Өзбекстандын Наманган облусуна караштуу Үч-Коргон районунда акыркы жылдары суунун тартыштыгы фермерлерди түйшүккө салууда.

Жергиликтүү тургун Халимбай Шералиев 7-8 жыл мурун жылына эки түшүм алчу: алгач буудай эгип, аны жыйып алгандан соң жерге сабиз сээп, дыйканчылык кылган.

"Үч жылдан бери көйгөй курчуду. Буудай өстүрүп, июнда жыйнайбыз, андан кийин сабиз үчүн суу жок. Ошондон улам бул ишти токтоттум. Кирешем азайды, айла жоктон Орусияга курулушта иштөөгө кеттим", - дейт 48 жаштагы дыйкан.

Кыргызстандын Жалал-Абад облусунун Ноокен районунда да суу тартыштыгы көйгөйгө айланды.

"Жерди сугаруу кыйын болуп калды. Дыйканчылыкты таштап, Бишкекке келип тиричилик кыла баштадым", - дейт 45 жаштагы Абдужапар.

Ал азыр курулуштан же "Тазалык" тармагынан жумуш издеп жүргөнүн кошумчалады.

Иллюстрациялык сүрөт.

Расмий билдирүүлөр дагы суунун азайып баратканын тастыктайт. Өзбекстандын суу ресурстары министри Шавкат Хамраев 11-декабрда парламентте сүйлөгөндө кырдаалдын олуттуулугун белгиледи:

"Учурда трансчегаралык суу сактагычтарды кошуп эсептегенде суу запасыбыз былтыркы ушул мезгилге салыштырмалуу 6,5 миллиард м³ аз. Ал эми ички суу сактагычтарыбызда 2,7 миллиард м³ аз суу топтолгон".

Жамгыр үчүн дуба

2025-жылы күздүн аягы жана кыштын башталышында кургакчылык болду, чөлкөмдүн көпчүлүк аймагында жамгыр же кар жааган жок.

Глобалдык жылуулук курчуган сайын адамдар бул көйгөйгө каршы күрөшүүнүн жолдорун диний ырым-жырымдар аркылуу да издей баштады.

28-ноябрда Тажикстан менен Өзбекстандагы 2000ден ашуун мечитте адамдар жамгыр тилеп намаз окушту.

5-декабрда Кыргызстандагы мечиттерде молдолор муфтийдин тапшырмасы менен кар жана жамгыр үчүн дуба кылышты.

Жамгыр үчүн дуба окуган кыргызстандыктар. Сүрөт Кыргызстан мусулмандарынын дин башкармалыгынын Фейсбуктагы баракчасынан алынды.

Синоптиктер мурда божомолдогондой, декабрь айынын ортосуна келип чөлкөмдө жамгыр жана кар жаады. Бирок, буга карабай, адамдар жаан-чачын мурунку жылдарга караганда аз экенин белгилешет.

Аба ырайын көзөмөлдөгөн адистердин эсебинде, 2026-жылдын январь айынын этегинде Борбор Азияда катуу суук түшөт. Бирок жаан-чачындын көлөмү дагы эле нормадан төмөн болот деп айтылууда.

Кургакчылык көйгөйү саясатта да кызуу талкууланган темага айланды, ал тургай мамлекет башчылары түрдүү сапарларда жолугушканда кепти ушул маселеден башташат.

26-ноябрда Бишкекке келген Тажикстандын президенти Эмомали Рахмон менен Кыргызстандын президенти Садыр Жапаров учурушканда эле жаан-чачындын аздыгына тынчсыздануусун билдиришкен.

Дарыяларда, көлдөрдө азайган суу

NASA жана ESA тарткан сүрөттөр чөлкөмдөгү дарыялар жана көлдөрдүн аянты 2000-2023-жылдар аралыгында азайганын көрсөтөт.

  • АМУДАРЫЯ

Борбор Азия суу координациялоо комиссиясынын баяндамасына ылайык, 2018-жылы Амударыядагы жалпы агым норманын 83% түзгөн. 2024-жылга келип суу менен камсыздоо туруксуз жана тартыштык күчөгөнү байкалат.

Эл аралык эксперттер Ооганстандагы Коштөбө каналынын курулушу агымдын андан ары азайышына алып келерин эскертишкен. Талиптердин өкмөтү каналдын жалпы долбоордук кубаттуулугу Амударыядан жылына 10 миллиард куб метрге чейин суу аларын билдирген.

  • СЫРДАРЫЯ

2018-жылы Сырдарыядагы жалпы агым норманын 98% түзгөн, бирок акыркы жети жылда төмөндөгөн. Бул Кыргызстандагы мөңгүлөрдүн көлөмүнүн азайышына байланыштуу экени белгиленет.

Кыргызстандын Геологиялык кызматынын маалыматына ылайык, өлкөдөгү мөңгүлөр жыл сайын орточо эсепте 0,2–1% азаюуда.

Ооганстан куруп жаткан Коштөбө каналы Борбор Азиядагы суу тартыштыгы көйгөйүн күчөтүшү мүмкүн деп айтылат.

  • ЫСЫК-КӨЛ

Кыргызстандагы Ысык-Көлдө суунун деңгээли акыркы 98 жылда 3,5 метрге төмөндөгөнү 2024-жылы расмий жарыяланган.

Кыргыз бийлиги эгерде кырдаал ушундай улана берсе, Ысык-Көл келечекте Арал деңизи сыяктуу жок болуп кетүү коркунучуна кабылышы ыктымалдыгын да билдирген. Президент Садыр Жапаров ушул жылдын май айында Астанада өткөн Борбор Азия–Италия саммитинде Ысык-Көлдөгү суунун деңгээли 1854-жылдан бери 14 метрге төмөндөгөнүн билдирген.

Ысык-Көл Борбор Азиядагы эң ири таза суу көлү жана анын балансы негизинен жер астындагы суулардан жана мөңгү сууларынан көз каранды.

  • ТУЗКЕН, ШАРДАРА

Өзбекстандагы Тузкен көлүндөгү суунун деңгээли дагы төмөндөө тенденциясын көрсөтүүдө. Сырдарыядан келген суунун азайышы ага көбүрөөк таасир этип жатканы айтылат.

Ушул эле кырдаал Казакстандагы Шардара суу сактагычында да байкалууда. Өлкөнүн Экология министрлиги Шардарадагы суунун деңгээли 2023-жылы 15–20% төмөндөгөнүн маалымдаган.

  • БАЛХАШ

Балхаш көлүнүн соолуп калуу коркунучу жана чек арадагы дарыялардын агымынын азайышы Казакстандагы экологиялык көйгөйлөрдүн катарына кирет.

Маалыматтарга караганда, Балхашка куюлган Или дарыясынын агымы Кытайдагы сууга байланышкан курулуштардан улам 20–30% төмөндөшү мүмкүн. Бириккен Улуттар Уюмунун Европа экономикалык комиссиясы Или дарыясындагы суунун 80% Кытайда калыптанарын белгилеген.

  • КАСПИЙ

Каспий деңизинин деңгээли да 2018-жылдан бери тарыхый эң төмөнкү деңгээлге түштү. Адистер глобалдык жылуулуктан улам суу тездик менен бууланып баратканын айтышат. Каспий деңизинин негизги булагы болгон Волга дарыясынын да агымы азайган. Маалыматтарга караганда, суунун деңгээли -29 метрден төмөн түштү. GEOMAR океанографиялык институтунун изилдөөлөрүнө ылайык, Каспий деңизи 2100-жылга чейин дагы 9-18 метрге төмөндөшү ыктымал.

  • НУРАК

Тажикстандагы Нурак суу сактагычындагы суунун деңгээли 6 метрге төмөндөгөнү айтылууда. Бул жагдай энергетикалык абалга таасирин тийгизет. Нурак ГЭСи Тажикстандын электр энергиясынын 50% ашыгын өндүрөт.

  • МАММЕТКӨЛ ЖАНА ДЕЛИЛИ

"Метеожурнал" басылмасы Түркмөнстандагы кургакчылыктан улам Мамметкөл жана Делили суу сактагычтары соолуп калганы тууралуу 23-ноябрда жазды. Маалыматтарга караганда, 2024-2025-жылдары жаан-чачындын кескин азайышынан улам суу сактагычтар керектүү көлөмдөгү сууну топтой албай, запастары да коротулган.

Мындай кырдаал акыркы жолу 2021-жылы болгон жана суу сактагычтар 2023-жылдын август айындагы нөшөрлөрдөн кийин гана калыбына келген. Бул суу сактагычтар 1964 жана 1970-жылдары пайдаланууга берилген.

Ысык-Көлдөгү Кара-Баткак мөңгүсү.

  • МӨҢГҮЛӨР

Борбор Азиядагы жерди прикладдык изилдөө институтунун маалыматына ылайык, акыркы 70 жылда Кыргызстандагы мөңгүлөрдүн аянты 16%, ири мөңгүлөрдүн аянты 17% кыскарган.

БУУнун быйыл март айында жарыяланган Айлана-чөйрө программасынын Атласында Кыргызстанда 1960-2023-жылдар аралыгында орточо температура 1,2 градуска көтөрүлгөнү көрсөтүлгөн.

Президент Садыр Жапаров БУУнун Башкы Ассамблеясында мөңгүлөрдү сактоо үчүн күрөш, каражаттарды айлана-чөйрөгө жана тоолуу аймактарды туруктуу өнүктүрүүгө багыттоо жөнүндө баяндама да жасаган.

Мөңгүлөргө байланыштуу кырдаал Тажикстанда да байкалууда. Памир тоолорундагы мөңгүлөр тездик менен эрип жатканы тууралуу маалыматтар бар. Өлкөдөгү Федченко мөңгүсү Евразиядагы эң чоң мөңгү болуп саналат. Ал акыркы 95 жылда 1 километрден ашык кыскарды.

Ички суу керектөөдөгү көйгөйлөр

Борбор Азиядагы эң көп калкы бар Өзбекстандын негизги экономикалык тармагы айыл чарбасы болгондуктан дарыя суулары талааларды сугаруу үчүн колдонулат. Сугат суусуна болгон суроо-талап жылына эки жолу түшүм алууга аракет кылган аймактарда ого бетер өстү.

Суу ресурстары министрлигинин адиси Зиёдулла Жумаев BMB Holding каналына курган маегинде 30 жыл мурун Амударыя жана Сырдарыя дарыяларынан айыл чарбасы үчүн 64 миллиард куб метр суу алынганын, бирок азыр суунун тартыштыгынан улам бул көрсөткүч 51 миллиардга чейин төмөндөгөнүн белгилеген.

Иллюстрациялык сүрөт.

Азык-түлүк жана айыл чарба уюмунун маалыматы боюнча, Өзбекстанда сугат жерлер 4,3 миллион гектарды түзөт, бул чөлкөмдөгү эң жогорку көрсөткүч.

Өкмөт сууну үнөмдөөчү бир катар долбоорлорду баштаган, бирок, байкоочулардын айтымында, алар азырынча кеңири ишке ашкан жок жана суунун тартыштыгы көйгөй бойдон калууда.

Расмий маалыматтарга ылайык, Өзбекстанда суунун 90% ашыгы айыл чарбасына жумшалат. Бирок, Макроэкономикалык жана аймактык изилдөөлөр институтунун баяндамасына ылайык, сугат инфраструктурасынын эскиришинен улам суунун дээрлик жарымы текке кетет. Адистердин айтымында, ушул эле көйгөй Өзбекстандын коңшуларына да таандык.

Кыргызстандын Суу ресурстары, айыл чарбасы жана кайра иштетүү өнөр жайы министрлигинин 2025-жылдын 11 айынын жыйынтыгы боюнча баяндамасында белгиленгендей, өлкөдө жалпысынан 17,7 миң гектар жерге тамчылатып сугаруу системалары орнотулду.

Тамчылатып сугаруу ыкмаларынын бири. Өзбекстан.

Эл аралык келишимдер жана климаттык миграция

2015-жылы кабыл алынып, 195 өлкө кол койгон Париж келишимине ылайык, глобалдык жылуулукту 1,5 градустан ашырбоо боюнча чаралар көрүлүшү керек. Бирок, Дүйнөлүк метеорологиялык уюмдун маалыматына караганда, глобалдык температура бул көрсөткүчкө эчак жетип калды.

Адистер мындай көрсөткүч улана берсе алдыдагы жылдары Борбор Азиядагы элдин бир бөлүгү ыңгайлуу жерлерге көчө баштайт деп божомолдошот.

"Дүйнөлүк банктын изилдөөсүнө ылайык, климаттын өзгөрүшүнүн натыйжасында биздин чөлкөмдө беш миллионго жакын адам мажбурлуктан климаттык миграцияга туш болушу ыктымал. Мунун себептери суунун жетишсиздиги, айыл чарба жерлеринин көйгөйлөрү жана азык-түлүк коопсуздугу", - дейт бишкектик аналитик жана климат боюнча эксперт Дастан Абдылдаев.

Анын айтымында, климаттык миграция 2030-жылдан кийин күч алары божомолдонот.

Суу тартыштыгынан улам кургап калган бактар. Тажикстандын Куляб аймагы.

Дүйнөлүк банктын баяндамасында климаттык өзгөрүүлөргө туруштук берүү максатында бир катар сунуштар берилген. Алардын арасында ирригация жана айыл чарба тармагында комплекстүү пландоо жана адаптациялык чараларды күчөтүү, инфраструктураны чыңдоо жана экстремалдуу аба ырайына туруктуулукту жогорулатуу үчүн ландшафттарды башкарууну жакшыртуу, өзгөчө кырдаалдарга даярдык жана тобокелдиктерди башкаруу системаларын өркүндөтүү, энергоэффективдүүлүктү жогорулатуу, энергетикалык коопсуздукту бекемдөө жана жеке инвестицияларды стимулдаштырууга багытталган реформаларды жүргүзүү, ички жана тышкы жеке инвестицияларды, климаттык каржылоону тартууга шарт түзүү өңдүү чаралар бар.

Ал арада Борбор Азия өлкөлөрү "Суу жана жер ресурстарынын өз ара байланышы" долбоорун ишке киргизишти. Бул программа суу ресурстарын туруктуу башкарууга, жердин деградациясын жайлатууга жана биологиялык ар түрдүүлүктү сактоого багытталган. Глобалдык экологиялык фонд каржылаган 26 миллион долларлык долбоорго 25-ноябрда Самарканддагы жыйында старт берилган.

13-ноябрда Ашхабадда өткөн Борбор Азия мамлекеттер аралык суу ресурстарын башкаруу комиссиясынын жыйынында 2026-жылга суу бөлүштүрүлдү. Ага ылайык, Амударыядан жалпысынан 55,4 миллиард куб метр суу алынат. Өзбекстан менен Түркмөнстанга ар бирине 22 миллиард куб метр, Тажикстанга 9,8 миллиард куб метр бөлүнөт, калганы төмөнкү агымды камсыздоого жумшалат.

Сырдарыянын жалпы лимити 4,219 миллиард куб метрди түзөт, анын ичинен Өзбекстан 3,347 миллиард куб метр, Казакстанга 460 миллион, Тажикстанга 365 миллион жана Кыргызстан 47 миллион куб метр суу алат.

"Климаттын өзгөрүшү эчак эле реалдуулукка айланган. Бул реалдуулукка көнүүнүн жолдорун табуу да абдан маанилүү. Менин оюмча, эгер биз сууну аз талап кылган өсүмдүктөрдү өстүрүү, суу запастарын калыбына келтирүү үчүн жасалма мөңгүлөрдү жасоо жана аларды мезгил-мезгили менен пайдалануу, ошондой эле айрым өлкөлөрдө жасалма көлдөрдү куруу сыяктуу адаптациялык чараларды издебесек, бул көйгөйдү бир гана сунуштар менен чечүү же ага каршы күрөшүү кыйын болот", - дейт эксперт Дастан Абдылдаев.

Соолуган Арал деңизи жана кароосуз калган кемелер. Архив.

Борбор Азиядагы суу кризиси Өзбекстан менен Казакстандын чегинде жайгашкан Арал деңизиндеги абалдан да көрүнүп турат. 1960-жылдан бери деңиз аянтынын 90% ашыгы соолуду. Деңизге куйган Амударыя менен Сырдарыянын сууларынын көп бөлүгүн жылдар бою сугат үчүн буруп жиберүүнүн кесепетинен ушундай кырдаал жаралганын адистер нечен кур айтып келишет.

Сибирдин дарыяларынан сууну Арал деңизине буруу демилгеси бир кезде талкууланган, бирок ишке ашкан эмес.