Тажик бийлиги Ооганстан менен чек арадагы кагылышта аскерлер каза болгонун ырастады

Иллюстрациялык сүрөт.

Тажикстандын Чек ара кызматы өлкөнүн түштүгүндө Ооганстан менен чек ара бекетине куралдуу кол салуу болгонун жана эки аскер кызматкери каза тапканын ырастады.

Мекеме 25-декабрда тараткан расмий маалыматка ылайык, окуя бейшембиге караган түнү катталган. Маалыматта айтылгандай, үч адам Ооганстан тараптан «Сарчашма» чек ара отрядына караштуу бекет аркылуу мамлекеттик чек араны мыйзамсыз өткөн. Чек ара кызматынын билдирүүсүнө ылайык, аларды кармоо аракетинде шектүүлөр куралдуу каршылык көрсөткөн. Атайын операциянын жүрүшүндө үчөө тең жок кылынган.

Окуя болгон жерден ок атуучу куралдар, гранаталар, жардыргыч заттар жана аскердик жабдыктар алынганы кабарланды.

Маалыматта кагылышуунун кесепетинен чек ара аскерлеринин эки офицери 28 жаштагы Исматулло Курбонов жана 33 жаштагы Зирехбон Наврузбеков каза болгону айтылат.

Бул окуя Тажикстан Ооганстан менен чектеш төрт чек ара өткөрмө пунктун ачкан күнү катталган. Тажикстандын президенти Эмомали Рахмондун расмий сайтында өлкө башчысы бул чек ара пункттарын ачуу аземине онлайн форматта катышканы маалымдалган.

Тажикстан менен Ооганстандын чек арасынын узундугу 1400 чакырымга жакын.

Акыркы айларда Ооганстандын Тажикстан менен чектеш аймактарында эки жолу кол салуу болуп, анын кесепетинен Кытайдын беш жараны каза болгону кабарланган.

Расмий Бээжин бул чабуулдарды айыптап, Тажикстан тараптан өз жарандарын коргоо чараларын күчөтүүнү талап кылган.(AiA)

Дагы караңыз

Орусияда Кобилжондун өлүмү тууралуу пикирин билдирген тажик жараны кармалды Садыр Жапаров делегаттарды бийликти мактабоого, маселенин ток этерин айтууга чакырды Орусиядан шайланып келген делегат Садыр Жапаров мигранттар маселесин сөз кылбаганын айтты